Мугалимдердин маянасы: Мындан ары мугалимдер канча маяна алышат?
27-апрелде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радионун» эфиринде билдиргендей, бүгүнтөн баштап билим берүү тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык маяна ала башташат.
Анын айтымында, өлкөдө көптөн бери так жана жаратылыш илимдери боюнча адистер жетишпейт, ошондой эле математика боюнча функционалдык сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калууда. Буга байланыштуу мурда адистерди тартуу үчүн 20% теңдөөчү коэффициент киргизилген, эми болсо коэффициенттер теңдештирилип, бардык мугалимдерге бирдей колдонулууда.
Мурдагы айлыкты көтөрүүдө методикалык кабинеттердин кызматкерлери — мугалимдерге жаңы технологияларды үйрөткөн насаатчылар — эске алынбай калган. Натыйжада алардын айлыгы президенттин колдоосу менен 100%га жогорулатылды.
Ошондой эле айлык көбөйтүү кесиптик-техникалык окуу жайлардын кызматкерлерине, тейлөөчү персоналга, кошумча билим берүү мекемелерине, башталгыч класстын мугалимдерине жана бала бакча кызматкерлерине да тиешелүү болду — эч ким унутта калган жок.
Министрдин маалыматына ылайык, мектеп системасында болжол менен 97 миң адам иштесе, жалпы билим берүү тармагында 190 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Жаңы айлык үч күндүн ичинде банктык карталарга которула баштайт.
Айлык көлөмү жүктөмгө жараша аныкталат:
- башталгыч класстар үчүн — 16 саат,
- тарбиячылар үчүн — 10 саат,
- предметтик мугалимдер үчүн — 18 саат.
Эгер жүктөм аз болсо, тиешелүү коэффициент колдонулат.
Буга чейин 7040 сом болгон базалык ставка жогорулатылып, айлык ошого жараша эсептелет. Эмгек стажына жараша 10%дан 30%га чейин кошумча төлөм каралган. Класс жетекчилик үчүн 2100 сом берилет, ошондой эле аймактык коэффициенттер да эске алынат.
Дептер текшерүү үчүн кошумча төлөмдөр каралган:
-1–4-класстар үчүн (16 саат жүктөмдө),
- 5–11-класстар үчүн (18 саат жүктөмдө) — айына болжол менен 2700 сом.
Так сумма жүктөмгө жараша болот.
Эл аралык олимпиадаларда жеңүүчү даярдаган мугалимдерге бир жолку сый акы берилет:
- 1-орун — 500 миң сом,
- 2-орун — 300 миң сом,
- 3-орун — 200 миң сом.
Республикалык деңгээлде:
- 10 миң, 7 миң жана 5 миң сом.
Ошондой эле министрлик олимпиада жеңүүчүлөрүн ЖОЖдорго ОРТ тапшырбай кабыл алууну сунуштады, ал эми облустук этаптын жеңүүчүлөрүн аймактык окуу жайларга киргизүү каралууда.
Айыл жеринде иштеген педагогдорго 1800 сом кошумча төлөм берилет. Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жана өзгөчө статусу бар мектептерде кошумча төлөмдөр каралган.
Аттестациядан өтүп, санарип технологиялар аркылуу квалификациясын тастыктаган мугалимдер ай сайын 2000ден 5000 сомго чейин кошумча алышат.
Системада илимий кызматкерлер да иштейт — Билим берүү академиясында, квалификацияны жогорулатуу институттарында жана айрым мектептерде. Алар үчүн атайын коэффициенттер бар, ошондой эле зыяндуу шарттар үчүн да кошумча төлөмдөр каралган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, билим берүү кызматкерлеринин айлыгы 100%га чейин жогорулатылган, анын ичинде базалык бөлүгү 60%га өстү. Кошумча президенттик компенсация:
- негизги кызматкерлерге — 15 миң сом,
- кенже тейлөөчү персоналга — 5 миң сом.
Бул компенсациялар эс алуу акысына жана башка төлөмдөргө кошулбайт.
Эми мурда STEM сабактарына жана башталгыч класстарга өзүнчө берилген коэффициенттердин ордуна бардык мугалимдер үчүн бирдиктүү коэффициент киргизилди.
Класс жетекчилердин айлыгы 50%га көбөйдү. Методисттердики 3,5 эсеге, ал эми мектепке чейинки билим берүү кызматкерлериники 2,5 эсеге өстү.
Министрликтин маалыматы боюнча, жалпы 183 997 адам билим берүү тармагында иштейт, анын ичинде:
-мектепке чейинки билим берүү — 30 960,
- жалпы билим берүү — 128 437,
- баштапкы профбилим — 8563,
мектептен тышкаркы билим берүү — 2143,
- орто профбилим — 4946,
- жогорку билим берүү — 8120,
- методикалык кабинеттер — 407,
- квалификацияны жогорулатуу институттары жана академия — 401.
2025-жылы айлыкка 58 млрд сом каралган. 2026-жылы кошумча 41,3 млрд сом (9 айга), ал эми 2027-жылы 55,1 млрд сом бөлүнөт. Жалпы суммасы 113 млрд сомдон ашат.
Орточо мугалимдин айлыгы 24 798 сомдон 50 550 сомго чейин өстү (өлкө боюнча орточо айлык — 42 948 сом).
Мисалы:
-мугалим (18 саат) — 26 800 → 50 972 сом,
-бала бакча тарбиячысы — 26 976 → 55 723 сом,
-методист — 15 210 → 53 438 сом.
Ийрим жетекчилеринин айлыгы 27 миңден 49 872 сомго, ал эми профтех окуу жайлардагы өндүрүштүк окутуу устаттарыныкы 28 966дан 57 128 сомго чейин өстү.
Кийинки этапта методикалык кызмат реформаланып, адистер сынак аркылуу тандалып, алардын статусу жогорулатылат.
Жетекчилердин айлыгы да көбөйдү:
-мектеп директору — 22 472 → 55 255 сом,
-бала бакча директору — 18 676 → 52 447 сом,
-методикалык кабинет жетекчиси — ~55 миң сом,
-мектептен тышкаркы мекемелер — 17 миң → 49 миң сом,
-профтех лицей директору — 25 692 → 56 107 сом.
Белгиленгендей, 60%га көбөйтүлгөн базалык айлыктан Социалдык фондго жана салыкка кармоолор жүргүзүлөт, ал эми президенттик компенсациядан кармоо болбойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

