Германияда казак жараны Орусиянын пайдасына чалгынчылык кылууга айыпталып кармалды

Германиянын бийлиги Орусиянын чалгын кызматына Украинаны аскердик колдоо боюнча жашыруун маалыматтарды өткөрүп берүүгө шектелген Казакстандын жаранын кармады. Кеп Сергей К. аттуу жаран тууралуу болуп жатат. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, ал кеминде 2025-жылдын май айынан тартып Германиядан Орусиянын чалгын кызматы менен байланышта болгон деп болжолдонууда.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Сергей К. Германиянын Украинага көрсөткөн аскердик жардамына байланыштуу деталдарды, ошондой эле өлкөнүн курал-жарак жана коргонуу өнөр жайы тууралуу маалыматтарды берген деп шектелүүдө. Айрыкча, учкучсуз аппараттарды (дрондорду) жана роботтук системаларды иштеп чыккан компаниялар тууралуу маалыматтар айтылууда.

Ошондой эле кармалган адам Берлиндеги коомдук имараттардын жана автомагистралдардагы аскердик колонналардын сүрөттөрүн өткөрүп берген деп шектелүүдө. Анын ичинде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн биринин колоннасы да бар.

Прокуратуранын билдиришинче, шектүү Германиядагы диверсия үчүн мүмкүн болгон объекттер тууралуу маалыматтарды да берип, жаңы адамдарды тартууну (вербовкалоону) сунуштаган.

«Кармалганга чейин шектүү өзүнүн кураторуна ар кандай мүнөздөгү көптөгөн маалыматтарды өткөрүп турган. Алардын ичинде Германиянын Украинага көрсөткөн аскердик жардамы тууралуу маалыматтар, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жана аскердик өнөр жайы, өзгөчө дрон жана робототехника тармагында иштеген компаниялар тууралуу маалыматтар бар. Мындан тышкары, Сергей К. бир нече жолу Берлиндеги коомдук имараттардын жана автобандардагы аскердик колонналардын сүрөттөрүн жөнөткөн, анын ичинде НАТО өлкөлөрүнүн биринин колоннасы да болгон», — деп айтылат Германиянын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз