Ош: Жер титирөөнүн кесепетинен 25 үй, 12 мектеп жабыркады

Кечээ, саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул табигый кырсык бир катар турак жайларга жана социалдык объекттерге зыян алып келди. Бирок адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок.
ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, азыркы учурда такталган маалыматтар боюнча облус аймагында жабыркаган объекттер төмөнкүлөр:
25 турак үй, алардын ичинен 1 үй жашоого кооптуу деп табылды;
12 мектеп;
1 бала бакча;
1 үй-бүлөлүк дарылоо борбору.
«Менин орун басарым Акылбек Абдувалиевич Мазарипов жана райондук жарандык коргонуу комиссиялары кырсыктын кесепеттерин тактоо жана зыян тарткан тургундарга жардам көрсөтүү иштерин жеринде жүргүзүп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык тиешелүү түзүмдөрү абалды көзөмөлдөп, ыкчам аракеттерди көрүүдө. Жер титирөө жана башка табигый кырсыктар күтүүсүз келип чыгат. Сак болуңуздар! Өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу ар бир жарандын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү! Эгер үйүңүздө жаракалар пайда болсо же кооптуу жагдайлар байкалса, дароо 112 куткаруу кызматына кайрылыңыз! Мүлкүңүздү камсыздандырууну унутпаңыз»,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.