Трамп Кытайды АКШдан кийинки күчтүү өлкө деп эсептейт
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга учуп кетер алдында журналисттин Донбасс тууралуу суроосуна жооп берди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Президентке «Путин менен Россия Донбассты алышы керек деген кандайдыр бир түшүнүккө келдиңиз беле?» деген суроо берилди. Трамп «Жок» деп жооп берди.
Трамп ушул жылы Россияга баруу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган жок. «Бул мүмкүн», - деп жооп берди ал журналисттин тиешелүү суроосуна.
Ал Украина боюнча тынчтык келишимине жетүү үчүн зарыл болгон бардык нерсени жасай турганын айтты. Ошондой эле Украинадагы согуштун аяктап баратканын билдирди.
Андан тышкары Трамп дүйнөдө эки гана күчтүү мамлекет бар деп эсептей турганын, алар АКШ жана Кытай экенин билдирди. Ошондой эле Вашингтон менен Пекин абдан бекем мамиледе экенин кошумчалады.
Трамптын айтымында, АКШ аскердик жагынан жер жүзүндөгү эң күчтүү өлкө, ал эми Кытай экинчи күчтүү мамлекет деп эсептелет.
«Эч ким бизге тең келе албайт», - деди президент.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

