Садыр Жапаров менен Эмамоли Рахмон кыргыз-тажик чек арасын ачты
Президент Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.Маалыматка караганда, иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.
"Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү пункттарына эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары катышты.
Кыргыз тараптын докладынан кийин президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин баштоого буйрук берип, андан соң кыргыз тараптан шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан соң Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишин жандандырууга буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.
"Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



