Эл аралык айтыштын жеңүүчүлүрө белгилүү болду
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышы өттү.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана башка коноктор катышты.
Министр өз сөзүндө Бексултан Жакиев кыргыз элинин руханий жашоосунда өзгөчө орунду ээлерин, ал эми анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын алтын казынасына айланганын белгиледи. Ошондой эле ал айтыш өнөрү элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын муундан муунга жеткирген улуу мурас экенин айтты.
Чыгармачылык таймашка Кыргызстан менен Казакстандан келген белгилүү акындар катышып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чеберчилигин көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сөз өнөрү жана акындык салттар даңазаланды.
Калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Гран-при:
— Акматбек Султан уулу — 300 миң сом
— Жансая Мусина — 300 миң сом
1-орун:
— Асылбек Маратов — 250 миң сом
— Нурлан Эсенкулов — 250 миң сом
2-орун:
— Изат Айдаркулова — 200 миң сом
— Аспанбек Шугатай — 200 миң сом
3-орун:
— Баян Акматов — 150 миң сом
— Нурбол Жаунбаев — 150 миң сом
Атайын сыйлык:
— Мамбеттокто Мамбеторозо уулу — 100 миң сом
— Өмүржан Көпбосын — 100 миң сом
Мындан тышкары, «Айтыш» коомдук фонду Бексултан Жакиевдин, Элмирбек Иманалиевдин, Ашыралы Айталиевдин, Тууганбай Абдиевдин жана Эстебес Турсуналиевдин атындагы атайын сыйлыктарды тапшырды. Ар бир лауреатка 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

