Окумуштуулар диетадан кийин семирбөө үчүн күнүнө канча кадам басуу керектигин айтышты
Күнүнө болжол менен 8500 кадам ылдам темпте басуу арыктагандан кийин салмакты кайра кошпой кармап турууга жардам берет. Мындай жыйынтык European Congress on Obesity жыйынында сунушталган мета-анализдин негизинде чыгарылды.
Изилдөөнүн авторлору дээрлик 4 миң чоң адам катышкан 18 рандомизацияланган изилдөөнү талдап чыгышкан. Арыктоо программасынын жүрүшүндө күн сайын орточо 8450 кадамга чейин басууну көбөйткөн жана кийин дагы ушул активдүүлүктү сактаган катышуучулар орточо эсеп менен 4 килограммга жакын салмак таштаган. Ошондой эле алар узак мөөнөттө ошол жыйынтыктын негизги бөлүгүн — болжол менен 3 килограммын сактап кала алышкан. Ал эми физикалык активдүүлүгүн көбөйтпөгөн көзөмөл тобу дээрлик арыктай алган эмес.
Изилдөөдө басуу арыктоонун алгачкы этабында салмакты тез түшүрүүгө олуттуу артыкчылык бербегени белгиленген. Анткени бул учурда негизги ролду калорияны чектөө ойнойт. Бирок жогорку деңгээлдеги физикалык активдүүлүктү сактап калуу кайра салмак кошуунун алдын алууда эң маанилүү фактор экени аныкталган. Адистердин айтымында, арыктаган адамдардын болжол менен 80 пайызы 3–5 жыл ичинде кайра салмак кошот.
Изилдөөчүлөр күнүнө 8500 кадам басууну «жөнөкөй жана жеткиликтүү стратегия» деп аташты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

