Путин кайсыл учурда ок атышууну токтотуу керектигин айтты

Россиянын президенти Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга даярдык тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу Би-Би-Сиге шилтеме берип "CentralAsia" маалымдады.

«Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарга макулбуз, бирок бул сунуш узак мөөнөттүү тынчтыкка алып келип, согуштун башкы себептерин жоюшу керек», — деди Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен болгон биргелешкен басма сөз жыйынында. Ал сөзүн АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдирүү менен баштады. Ошондой эле, Трамп Украинадагы жаңжалга көңүл бурган жалгыз дүйнөлүк лидер эмес экенин айтып, БРИКСтин бардык беш өлкөсүнүн лидерлерин атай кетти.
 
Мындан тышкары, Путин Россия жалпысынан 30 күндүк ок атышууну токтотууну колдой турганын, бирок «айрым нюанстар» бар экенин айтты. Ошол нюанстардын бири катары ал Украинанын армиясынын Курск облусундагы абалын, аны «курчоого алынган» деп сүрөттөп, белгиледи. Ал дагы башка көптөгөн нюанстар бар экенин, алар согуштук аракеттерди токтотуу жана анын көзөмөлү боюнча АКШ менен кылдат талкууланышы керектигин баса белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз