Төрөт үйлөрүндө кесарево операциясына акы төлөнөт, -депутат
Өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө төрөт акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Депутат Махабат Мавлянова кесарево операциясы үчүн жарандардан 20-25 миң сом жана андан да көп акча талап кылынганы боюнча кайрылуулар түшүп жатканын айтты. Анын айтымында, эгер бул кызмат акысыз болсо, анда мониторинг жүргүзүү зарыл.
Министрдин биринчи орун басары мындай фактылар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Депутат жетекчилерди кабинеттерден чыгып, жеринде текшерүү жүргүзүүгө чакырды. «Эгер кызмат акысыз болсо, анда ал чындап эле бекер көрсөтүлүшү керек, иш жүзүндө башкача болбошу зарыл. Ал эми кызмат акы төлөнүүчү болсо, анда муну расмий жарыялап, бирдиктүү тарифтерди бекитүү керек. Ошондо түшкөн каражаттар медициналык жабдууларды жаңылоого жумшалат», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

