2030-жылга чейин Кыргызстандын аймагынын үчтөн бир бөлүгү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары статусуна ээ болушу мүмкүн

Кыргызстанда 2030-жылга чейин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын өлкө аймагынын 30 пайызына чейин көбөйтүү пландалууда. Учурда мындай аймактар өлкө аймагынын 11 пайыздан ашыгын ээлейт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин башкаруу жана пайдалануу тартиби тууралуу жобонун долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгарды.

Документ мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдаланууну иретке келтирүүгө, экологиялык коопсуздукту камсыздоого, жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана нормаларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Парктардын аймагында төрт режимдик зона белгиленет: корук зонасы, экологиялык стабилдештирүү зонасы, туристтик-рекреациялык зона жана чектелген чарбалык ишмердүүлүк зонасы.

Корук зонасында катуу коргоо режими киргизилип, илимий иштерди жүргүзүүгө жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого гана уруксат берилет. Калган зоналарда экологиялык талаптарды сактоо менен экотуризмден тартып инфраструктуралык жана айрым чарбалык объектилерди жайгаштырууга чейин чектелген ишмердүүлүккө уруксат берилет.

Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана экосистемага зыян келтирилбеген шартта чакан ГЭСтерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле токой кыюу, аңчылык кылуу, пайдалуу кендерди казуу жана аймактарды булгоо сыяктуу жаратылыш комплекстерине зыян келтирүүчү иштерге катуу чектөөлөр киргизилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз