"Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуевдин котормосунан үзүндү "Ала-Тоо" журналынын алгачкы санына жарык көрдү

"Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев которгон Жэк Уизерфорддун "Чыңгызхан" чыгармасынан үзүндү "Ала-Тоо" журналынын алгачкы санында жарык көрдү. Мындай маалыматты Каракозиев Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Ал өзү белгилегендей, журналдын №1 саны жарык көрүп, анда Жэк Уизерфорддун "Чыңгызхан" чыгармасынан үзүндү жарыяланган.

"Ала-Тоо" журналынын алгачкы саны чыгып, жакшы саамалык болду. Алгачкы санын колго алган президент Садыр Жапаров жакшы пикирин айтып, журналдын мукабасы менен мазмунун элге көрсөттү. Журналда мен которгон америкалык окумуштуу, антрополог Жэк Уизерфорддун "Чыңгызхан" китебинен үзүндү да басылган болчу. Буюрса сандан санга чыга турган болуп жатат. Алдыда китеп болуп басылып калаар. Аталган китепке автордон автордук укук да алынган.

Баса, Жэк мырзанын ушул китеби казак тилине которулуп, ал китеп болуп чыгып, 22-майда Алматада автордун катышуусунда бет ачаары болгону турат. Анан кызыгы 22-майда жаңы чыккан "Ала-Тоо" журналынын да бет ачаары өтөт. Журналга мынтип Уэзерфорддун китеби кыргыз тилинде басылып атат. Кандай дал келүүчүлүк ээ?", - деп жазган Асанбек Каракозуев.

Жэк Уизерфорддун "Чыңгызхан" чыгармасы аты айтып тургандай эле Чыңгыз хандын өмүр таржымалы кенен баяндалып, Монгол империясынын андан кийинки хандары, аталган элдин жортуулдардагы тактикалары, жашоосу, маданияты жазылган. 

Кечээ, 21-май күнү президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" журналы кайрадан жанданып, алгачкы саны чыкканын Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлаган. Анда өлкө башчысы көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези экенин жазган.

«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ ‒ адабий-көркөм жана коомдук-саясий басылма. Кыргыз Республикасы жазуучуулар Союзу менен Маданият министрлигинин органы катары ай сайын чыгып келген. Адегенде 1931-жылы «Чабуул» деген аталышта жарык көрүп, анын туӊгуч редактору А. Токомбаев болгон. 1933-жылы «Кыргыз совет адабияты», 1938-жылы «Ала-Тоо», 1939‒1942-жылы «Советтик адабият жана искусство», 1942‒1956-жылдары «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1956-жылдан баштап кайра «Ала-Тоо» деген ат менен чыга баштаган. Журнал кыргыз адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардык көрүнүктүү чыгармалары алгач ирет «Ала-Тоого» жарыяланган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз