“ЖУРНАЛИСТТЕРДИН АЛТЫН УЯСЫ”, – КАРМЫШАК ТАШБАЕВ
Бул макала акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кармышак Ташбаевдин “Ош жаңырыгы” баскан жол” китебине жарыяланган.
Азыркы “Ош жаңырыгы” бүтүндөй Түштүк аймагына рух дөөлөттөрүн элге-журтка таратып келген “Кыргызстан большевиги” жана “Ленин жолу” наамындагы бул гезит менин жекече оюмда татаал тарыхый узун жолду басып өткөн журналисттердин алтын уясы, таалим-тарбия берген даңазалуу мектеби деп айтаар элем. Анткени ушул редакциянын бүлөсүнөн Түштүк аймагы боюнча жүздөгөн таланттуу редакторлор, журналисттер, чыгаан жетекчи кадрлар, ошондой эле бүтүндөй Кыргыз элине таанымал илимпоздор, жогорку окуу жайлардын педагогдору жана акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер таалим алып өсүп чыгышканын мен кубануу менен белгилеп кетким келет. “Ош жаңырыгы” гезити 75 жылдык даңазалуу маарекесин белгилеп жаткан учурда буга чейин бүтүндөй өмүрүн арнап, күн-түн уйкудан калып гезиттин катасыз, сабатуу чыгышын көзөмөлдөп, басмакананын кара майына аралашып жооптуу дежур болуп таң атырышкан, ар бир гезиттин саны үчүн жоопкерчиликти өз моюндарына алышкан редактор-лорду, бөлүм башчыларды жана карапайым кызмат-керлерди эске албай койгонубуз тирүүлөр үчүн айып иш болоор деп ойлойм.
Албетте, алардын баардыгы каардуу согуштун катаал заманын башынан өткөрүшкөн, турмуштун ачуу кыйынчылыктарын өз көздөрү менен көрүшкөн, оор жагдайларды өз моюндары менен тартып көргөн, карапайым калктын башына түшкөн мүшкүлүн тең бөлүшкөн сезимтал, боорукер жана чыдамкай инсандар эле. Алар өз учурунда калктын айрым жетишпеген көйгөйлөрүн, ач-жылаңач калган жетим-жесирлердин, жарадар согуштун майыптарынын турмуштук оорчу-лугун жеңилдетүү максатында шапаттай арыз кагазын кубалап барып гезитте маселе көтөрүп алардын кыйынчылыктарына ортоктош болуп турушкан. Ырас, ал убакта гезиттин өзү КГБнын көзөмөлүндө турган. Саясий жактан кичине жыты билинген материалдар гезит бетине басылчу эмес. Бирок, ошого карабай жалпы элдин, карапайым калктын арыз-муңун ар кандай тыюуларга карабай жөнөкөйлөтүп гезитке жарыялап турганы чындык.
“Ленин жолу” гезитинин редакциясы менен болгон байланышым 1957-1958-жылдарда түзүлгөн болчу. Анткени, бул жылдарда Армиядан келип Кара-Кулжа райондук “Коммунизм үчүн” гезитинде конкурстук негизде жооптуу катчы кызматында иштеп калган элем. Анда биз “Ленин жолу” гезитинин ар бир санын почтадан күтүп алып, республикада, облуста болуп жаткан саясий жаңылыктарды өз гезитибизге кыскача жарыялап турчубуз. Андан дагы бизди кызыктырган эң негизги нерсе ага жарыяланып турган “Адабият бети” биз үчүн кымбат эле. Ал учурда ишемби күндөрүнө – “Дем алыш күнүнө” карата үзбөй аңгеме, ырлар тез-тез жарыяланып турчу. Биринчи жолу мен акындар С.Жусуевдин, К.Жунусовдун, Т.Мияшевдин ысымдарын ушул гезиттен окуп тааныган элем. Ал эми майда ар түрдүү коомдук турмушубуздагы кетирилген кемчиликтерди кыска, нуска кабар түрүндө жазган журналист У.Турсункуловдун макалаларын гезиттин ар бир санынан окуп турчубуз. Бул киши кыска информациялардын мастери эле. Сөздү узартпай болгонун болгондой “Мончо иштебейт”, “Китепкана жабык турат”, “Клуб каңгырап бош”, “Жетекчилер маани беришпейт” деген сыяктуу материалдар ар бир гезиттин саны сайын чыгып турчу. Кийин мен окууну бүтүрүп келип ушул гезитте иштеп калганымда ал киши менен жакындан таанышканым эсимде. Көрсө, Узак Турсункулов агабыз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, болгондо да частта командир болуп согуштун азап-тозогун башынан өткөргөн тажрыйбалуу инсан эле. Узак аке редакцияда көп жылдар бою иштеп жүрүп пенсияга ушул жамааттан чыгып 90 жаштан ашык жашап Ош шаарында кайтыш болду.
1965-жылдары партия комитетинин чечими боюнча мурун иштебей турган райондук гезиттер кайра ачылды. Облустук “Ленин жолу” гезитинде иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер райондук гезиттерге редакторлук кызматтарга кетип жаткан экен. Окууну жаңы бүтүргөн жаш журналисттер райондук гезиттерге бөлүнгөн эле. Мен буга чейин 3 жылдык практикамды ушул гезитте өткөргөн болчумун. Мурунураак келип иштеп жаткан курсташым Сыргабек Маматалиевдин сунушуна макул болгон редактор Артыкбай Ажыбеков мени котормочу кызматына кабыл алып иштеп калдым. Кийинчерээк мени менен бирге бүткөн Бектемир Кедеев келип кошулду. Биз жаңы жаш күчтөр катары редакциянын бардык иштерине баш отубуз менен кирип кеттик. Көп убакыт өтпөй мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн Абдимитал Камалов, Токтогул Кенжеевдер келип бардык бөлүмдөрү толукталып жамааттын саны 40га жетип калды. Андан тышкары алыскы айрым райондордо атайын кабарчылар да бар эле. Алар редакция менен байланышып бөлүмдөр талап кылган ар түрдүү темадагы материалдарды жөнөтүп турушчу. Андан тышка
Журналистика факультетинин 3-4-курстарында эки-үч айдан практикада жүргөндүгүмө байланыштуу кызматкерлердин негизгилерин жакшы таанычумун. Жамаатка тез эле аралашып кеттим. Башкы редакторубуз Артыкбай Ажыбеков обкомдун бюро мүчөсү катары кадырман киши эле. Айтканы-айткан дегени дегендей аткарылып турчу. Редактордун 1-орун басары Пиримкулов Бекбото, айыл-чарба багыты боюнча орун басар Сатаев, идеология маселелери боюнча орун басар Жумабек Келешбаев иштеп турушкан экен. Көп жылдар бою иштешип элге-журтка таанылып, тажрыйбага ээ болуп, кадырман журналисттер да бир топ эле. Алар Турсункулов Узак, Аккозуева Умсунай, Шатманов Шабай, Дүйшембиев Абдыкадыр, Бекмуратов, жооптуу катчылык кызматын аткарган Сапаргалиева Алия, анын жардамчысы болуп иштеген Галямов Фуат бар эле. Жогоруда аттары аталган инсандар редакциянын башчылыгында иштешкен жетекчилик кызматтардагы инсандар болуп саналышчу, а биз жаңыдан келген жаштар алардын оозунан чыккан сөздөрүн унчукпай аткарган жаштардан болчубуз. Мындан башка бизден жашы улуурак
Арадан дагы бир аз убакыт өтпөстөн катарыбызга жаңы күчтөр келип кошулганы эсимде. Алар: Медет Жакыпов, Эрмамат Осмонов, Шайлообай Мойдинов, Токтобай Сулайманов, Жапар Жээнбековдор келип жамааттын санын арттырган. Өзүнүн фотоаппаратын жонуна асып алып кайсы жерде кандай маанидеги жыйындар, конференциялар, эл аралык форумдар өтсө, анын алыс-жакынына карабай жетип барып тартып келип сүрөттү дароо чыгарып даярдап турган фотокорр Батыралиев Бөрүбайдын эмгеги абдан зор эле. Андан башка редакцияда келип-кетип иштеп жүрүшкөн эки Абдраевдер бири Сагынбай аке Алай райондук гезитинде редактор болуп көп жылдар эмгек кылган журналист эле. Кийин “Ленин жолунда” азыраак иштеп туруп, турмуш шарттын айынан кабарчылык милдетти аткарып жүрдү. Редакциянын бардык кызматкерлери бул кишини жакшы сыйлаша турган. Ак көңүл, ачык-айрым жүрөгүндө кири жок адам эле. Алай жеринен келип окуп Кыргыз мамлекеттик университетин бизден эки-үч жыл мурун бүтүрүп келип “Ленин жолунда” айыл-чарба бөлүмүн башкарып турган. Бул бөлүм редакция-эң нег
Мен жогоруда аттары аталган жана аталбай калган журналисттер менен бирге 1965-1970-жылдардын аралыгында бирге иштештим. Мен бул жылдардын аралыгында чыныгы эмгектин, чыдамкайлыктын, сабырдуулуктун, берилип иштеген ар-намыстуулуктун ыйык тажрыйбалуу жолдорун басып өткөндүгүмдү арадан көп жылдар жылып өткөндөн кийин гана билип олтурам. Анткени жаш мезгил көп нерсеге көңүл бурбаган, айтылган акыл, берилген кеңеш кулактын сыртынан кеткен, мезгилдин орчундуу окуяларына маани бербеген учурубуз окшойт. Көрсө биз ошол мезгилдеги жаш журналисттер - катаал мезгилди, башкача айтканда беш жыл бою кан ичип, өрт аралап, өмүр менен өлүмдүн айыгышкан күрөшүн баштарынан өткөргөн, турмуштук, жашоонун оор сабагын алышкан инсандар менен бирге иштеп, алардын жүрүш-турушунан көп-төгөн нарк-насилди, элдик каада-салттардын эреже-лерин алып калган экенбиз. Көрсө биз журналист-тердин ошол мезгилдеги татаал жолдорун басып, чыдамкайлыктын, тырышчаактыктын, өжөрлүктүн жолдорун үйрөнүп, чыгармачылыктын алтын уясынан учуп чыккан экенбиз.
Кармышак Ташбаев
Акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.