Айтматов тууралуу тасмага орус актеру Сергей Безруков да тартылууда

Жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тасманын тартуу иштерине россиялык актёр Сергей Безруков кошулду.

Ал тасманын бир бөлүгү Ленин атындагы китепканада тартылып жатканын билдирди.

Тасманын режиссёру — Каныбек Калматов. Өмүр баян жанрындагы бул тасма Чыңгыз Айтматовдун бала чагынан тартып эл аралык деңгээлде таанылышына чейинки өмүр жолун баяндайт. Премьера 2026-жылга пландалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз