Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун чагылдырган тасма тартылат

Жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачыл жолу жөнүндө ири көркөм тасма тартыларын расмий жарыялады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, долбоор буга чейин кесиптик чөйрөдө чоң кызыгуу жараткан. Фильмдин өзгөчө маанилүүлүгү — Каныбек Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алганында. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу — Эльдар Айтматов менен түзүлгөн. Бул документ — картинага даярдыктагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам.
 
«Жаңы тасма бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат. Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылган. Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган»,- деп айтылат маалыматта.
 
Каныбек Калматов дүйнөдөгү алдыңкы кино институттарынын бири болгон ВГИКтин (Москва) кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору катары таанылган.
 
Анын жаңы долбоору — арт-мейнстрим багытындагы кадам, жана режиссёр аталган тасма “элдин эсинде калат” деп ишенет.
 
Тасманын бет ачары 2026-жылга мерчемделген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз