Жайлоого жан берген аялдар туризми
2026-жылдын 21-майы. Жаздын назик жели бетти сылап, Кара-Койдун койнундагы жашыл жайлоолор көз жоосун алып турган учур. Ушул табигый кооздукка суктанып, журналисттер тобу “Седеп” долбоорунун алкагында Ноокат районунун Кара-Кой эс алуу аймагына сапар тарттык.
Бул сапардын түпкү максаты — эл ичинен чыккан эмгекчил айымдардын турмушун, алардын меймандостук аркылуу туризмди өнүктүрүүдөгү аракетин жеринде көрүп, элге жеткирүү эле.
Кара-Койдун тынч өрөөнүндө жайгашкан конок үйлөрдүн бири — “Алиимран” эс алуу жайы. Бул жайдын ээси — Абдурасулова Кымбат апа. Ал бул жердин табияты менен бирге 19 жылдан бери жашап, ошол жердин ырыскысын бөлүшүп келет. Ал эми “Седеп” долбооруна эки жылдан бери мүчө болуп, конок тосуу өнөрүн өркүндөтүп, өз ишин жаңы деңгээлге көтөрүүгө аракет кылып жүрөт.
“Алиимран” аталышы да жөн жерден коюлган эмес. Бул ысым кожойкенин уулунун ысымынан алынган. Бул да болсо энелик мээримдин, үй-бүлөгө болгон терең сүйүүнүн белгиси.
Бир кездерде бул жерге белгилүү сүрөтчү келип, Кымбат апанын уулу колунда кымыз кармап турган учурду тартып калган экен. Ошол сүрөт интернет дүйнөсүнө тарап, Кара-Койдун бул бурчун көпчүлүккө тааныткан окуялардын бирине айланган.
“Алиимран” эс алуу жайында жалпы беш боз үй орнотулган. Шарттары орточо деңгээлде болсо да, ар бир конокко жылуу кабыл алуу, таза төшөк, тыкан даярдалган орун — баары меймандостук менен коштолот.
Бул жайга көбүнчө ички туристтер келишет. Ал эми жай мезгилинде — май айынан август айына чейин — коңшу өлкөлөрдөн, айрыкча Өзбекстандан келген коноктор да жолугат.
Кымбат апанын колунан чыккан ырыскы да өзгөчө. Ал конокторду кымыз, каймак, курут, сары май жана жаңы бышкан боорсок менен тосуп алат. Бул дасторкон — жөн гана тамак эмес, кыргыздын байыркы меймандостугунун жандуу көрүнүшү.
Биз да ошол жылуу меймандостуктун күбөсү болуп, дасторкон башында конок болдук.
Интервью учурунда Кымбат апа конок тосуудагы тажрыйбасы тууралуу төмөнкүчө ой бөлүштү:
“Бул иш оңой эмес экен. Тажрыйба менен гана баары билинет. Конок тосууда эң башкысы — тазалык. Боз үйлөрдүн ичин таза кармоо, жууркан-төшөктү тыкан сактоо, баарын ирет менен жайгаштыруу керек. ‘Седеп’ долбооруна кошулгандан кийин көп нерсени үйрөндүк. Азыр кичи мейманкананын деңгээлине жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Толук шарт болбосо да, конокко жакшы кызмат көрсөтүүгө умтулабыз,” — деди ал.
“Седеп” долбоорунун алкагында биз Ысык-Көл облусуна да барып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ал жактагы конок үйлөрдүн иши, уюштурулушу жана тейлөө маданияты бизге чоң сабак болду. Көп нерсени көрүп, үйрөнүп, өз ишибизге жаңы көз караш менен жандап баштадык
"Алиимран” сыяктуу конок жайлар — бул жөн гана туристтер келип эс ала турган аймак эмес. Бул жерлерде кыргыз элинин кылымдарды карыткан меймандостугу, энелердин мээнети жана жайлоонун табигый берекеси жашап турат. Боз үйдүн түтүнүн өчүрбөй, конокко ак ниет кызмат көрсөтүп жаткан аялдар элет туризмин гана өнүктүрбөстөн, улуттук нарк-насилди да сактап келишет.
Кара-Койдун койнундагы мындай очоктор — тоолуу аймактардагы туризмдин жандуу жүзү. Бул жерге келген ар бир конок кооз жаратылышты гана эмес, кыргыз элинин ак көңүл меймандостугун, жөнөкөй турмуштагы чыныгы жылуулукту да сезип кетет. Жайлоого жан берип турган да дал ушул эмгекчил аялдардын аракети болуп саналат.
Даярдаган :Ош мамлекеттик университетинин Искусство педагогика жана журналистика институтунун Журналистика адистигинин студенттери Мырза Абдулхатов, Бегарстан Шермаматов.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

