Дүйнө жүзү боюнча психикалык бузулуулары бар адамдардын саны өсүүдө. Кыргызстандагы абал кандай?

Дүйнө жүзүндө 1 миллиарддан ашык адам психикалык оорулар менен жашайт. Ар бир жетинчи жаш адам ушундай көйгөйлөргө туш болот. Бул тууралуу илимий The Lancet журналында жарыяланган материалдарда айтылат, деп жазат "Здоровье АКИпресс".

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча калктын болжол менен 11%ы психикалык ооруларга кабылат. Азыркы учурда 50 миңден ашуун адам расмий каттоодо турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева брифингде психикалык оорулар бүгүнкү күндө жугуштуу эмес оорулардын арасында жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, кант диабети жана өпкөнүн өнөкөт оорулары менен катар бешинчи орунда турарын белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 50 миңден ашык психиатриялык бейтап катталган.

Анын сөзүнө караганда, жыл сайын психикалык оорулардын саны орто эсеп менен 10–11%га өсүүдө. Акыркы 10 жылдагы статистикалык талдоо 2021-жылдан тарта туруктуу өсүү тенденциясы байкалганын көрсөтөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2011-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстандагы психикалык оорулардын көрсөткүчү өзгөрүп турган. Эң жогорку көрсөткүч 2012–2013-жылдары катталып, 13 миң 183 учурга жеткен. Эң төмөнкү көрсөткүч 2020-жылы болуп, 6569 учурду түзгөн. 2024-жылы бул сан кайра өсүп, 9 миң 57 учур катталган.

№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли брифингде психикалык оорулар ар түрдүү болорун айтты. Мисалы, депрессия учурунда адамдын кызыгуусу жана жашоодон ырахат алуу жөндөмү төмөндөйт, активдүүлүгү азаят, маанайы кеминде 14 күн бою туруктуу начарлайт, өзүн алсыз жана жардамсыз сезүү сыяктуу белгилер пайда болот.

Ошол эле учурда булар диагноз эмес, болгону белгилер экени баса белгиленет. Белгилердин жыйындысы синдромду, ал эми бир нече синдром оорунун өзүнчө формасын түзөт.

Кыргызстанда эң кеңири тараган психикалык оорулар — депрессия, тынчсыздануу оорулары жана алкоголдук көз карандылыкка байланышкан оорулар. Ал эми шизофрения, биполярдык жана шизоаффективдик оорулар салыштырмалуу сейрек кездешет жана алар көбүрөөк интенсивдүү дарылоону талап кылат.

GBD уюмунун маалыматы боюнча, депрессиялык оорулар калктын болжол менен 3,3%ын, ал эми тынчсыздануу оорулары 2,1%ын камтыйт. Бул оорулар аялдар арасында көбүрөөк кездешет. Тынчсыздануу ооруларына паникалык абал, жалпыланган тынчсыздануу жана ар кандай фобиялар кирет.

Эң кооптуу топко жаштар жана орто жаштагы адамдар кирет. 2022-жылы өспүрүмдөрдүн 33%дан ашыгы узак убакыт бою кайгырып же үмүтсүз абалда жүргөнүн билдиришкен. Ал эми 15 жаштагы кыздардын арасында бул көрсөткүч 47%га чейин жеткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, психикалык оорулардын өсүшүнө өнөкөт стресс, жакырчылык, миграция, үй-бүлөлүк зомбулук, алкоголизм, оор психологиялык окуялар жана буллинг себеп болууда. Ошондой эле жалгыздык, коомдун терс мамилеси жана жардамга кеч кайрылуу да таасир этет. Айрыкча айыл жерлеринде психиатриялык жардамдын жетишсиздиги өзүнчө көйгөй катары белгиленет.

Кадрлардын жетишсиздиги

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Жаныбек Ажыбековдун айтымында, 2025-жылдын аягына карата Кыргызстанда болгону 136 психиатр дарыгер иштеп жатат. Салыштыруу үчүн айтсак, 15 жыл мурда алардын саны 300гө жакын болгон.

Нарколог дарыгерлердин саны болжол менен 50гө жетет. Норма боюнча ар 40 миң калкка бир психиатр туура келиши керек. Бирок айрым райондордо 160 миңге жакын калкты болгону бир адис тейлейт жана ал психиатр менен наркологдун милдетин кошо аткарат.

Адистердин негизги жүгү бейтаптарды кабыл алуу, рецепт жазуу жана аскер комиссариаттары менен иштешүүдөн турат. Бул болсо системага кошумча оорчулук жаратат.

Психиатрлардын көпчүлүгү стационардык мекемелерде иштейт. Ири психиатриялык мекемелер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан. Аймактарда болсо кадр тартыштыгы күч бойдон калууда — кээ бир мекемелерде болгону 4–6 психиатр гана эмгектенет.

Психикалык жардам көрсөтүү системасы баштапкы медициналык жардам принциптери менен уюштурулган. Башында бейтап үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылат, андан кийин зарыл болсо психиатрга же башка тар адиске жөнөтүлөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз