Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча кеңири маалыматты 19-мартта жарыялайт
Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактаган тарыхый келишимге 13-мартта Бишкекте кол коюлгандан кийин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул жараяндын деталдары боюнча кеңири маалымат берилерин билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, 19-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча кеңейтилген баяндама жасап, келишимдин бардык аспектилерин ачык-айкын түшүндүрөт.
"Бүгүнкү кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Кыдыршаевич ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби, келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет", — деп жазды Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.
Ал чек ара маселеси боюнча маалымат бериле турган Жогорку Кеңештин жыйынына журналисттерди, коомдук активисттерди жана ар кандай көз караштагы саясатчыларды катышууга чакырды. Жапароы бардык кызыккан тараптар ачык суроо берип, так жооп ала аларын белгилеп, мындай маанилүү маселеде жеке кызыкчылыкты алдыга чыгарбоого үндөдү. Президент эки мамлекет ортосунда тарыхый чечим кабыл алынып жатканда, популисттик аракеттерге жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдө көп жылдан бери ким катуу сүйлөсө же элге көрүнүш үчүн иш жасаса, ошол адам популярдуулукка жетишип келген. Бирок мындай жасалма аракеттер убактылуу гана ийгилик алып келип, кийинчерээк уят болуу менен аяктаган учурлар көп болгон. Президент мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу маселелерде популисттик ураандарга алдырбай, тең салмактуу мамиле кылуу зарыл экенин белгилеп, муну саясатчылар да, коомчулук да эске алышы керектигин кошумчалады.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү үчүн көп жылдык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыры тараптар консенсуска келди. Бул келишим ратификациядан өткөндөн кийин гана толук күчүнө кирет.
Андан тышкары, чек ара боюнча макулдашуунун алкагында 2021-жылдан бери жабык турган эки өткөрмө бекети кайра иштеп баштады. Ошондой эле, 14-марттан тарта Бишкек—Душанбе жана Бишкек—Худжанд авиакаттамдары жанданды.
19-марттагы парламенттик талкуу коомчулукта чоң кызыгуу жаратып, эл чек аранын такталган жаңы чектери жана макулдашуунун бардык шарттары боюнча толук маалымат алат деп күтүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.