Ошто балдарды өнүктүрүүчү «Тирек» мектеби ачылды
Бүгүн, 30-май күнү Ош шаарында тили кечеңдеп, акыл-эси артта калган жана аутист балдарды тарбиялоочу «Тирек» аттуу мектеп ачылды.
Мектептин ачылуу аземине аутизми бар, ЗПР, ЗРР диагнозу бар балдардын ата-энелери, борбордун тарбиячылары катышты.
Борбордун негиздөөчүсү жана башкы директору Алтын Базарбаева билдиргендей, бул борбор мурда иштеп келген «Умняшка» борборунун кеңейтилген форматтагы мектеби болуп саналат.
«Урматтуу ата-энелер, биздин коноктор жана биздин сүйүктүү балдарыбыз! Мына бүгүн «Тирек» мектебибиздин азырынча техникалык ачылышына күбө болуп жатасыздар. Алдыда биздин өзгөчө балдар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр, эң сонун жол ачылат деп ишенем. Буюрса, биздин өзгөчө балдарыбыз өнүгө турган, аларга тирек боло турган бул жай эң чоң мейкиндикке айланат», - деди ал.
Сааамалыктын жүрүшүндө «Умняшка» борборун бүтүрүп, мектеп босогосун аттап калган балдарга диплом жана сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле аталган балдардын окуучулары тарабынан ар түрдүү ыр-бийлер аткарылып, мыкты жетишкендиктерге жетишкен тарбиячылар сыйланышты.
«Умняшка» борбору 3 жыл мурун негизделип, жүздөгөн балдарды кадимки жашоого кошууга салым кошкон. Негиздөөчү Алтын Базарбаева 8 жаштагы кызы аутист экенин билген соң ар кандай көндүмдөрдү үйрөнүп, аутизм боюнча семинарларга катышып, аларды кантип тарбиялоону үйрөнгөн. Кызына колдонгон тажрыйбасын башка энелер менен бөлүшүү үчүн «Умняшка» борборун түптөгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

