Онколог зыяндуу шишиктерди дарылоодо эффективдүү болгон дары боюнча комментарий берди

Профессор-онколог Игорь Першуков дүйнөлүк онкологиядагы маанилүү жаңылыкка комментарий берип, жаңы изилдөөнүн жыйынтыктары ракка каршы инъекция айрым бейтаптардагы шишиктерди толугу менен жок кыла аларын көрсөткөнүн белгиледи.

Анын айтымында, британиялык The Guardian басылмасы жарыялаган маалыматтар абдан үмүттөндүрөт. Изилдөөдө ракка каршы үч тараптуу таасир этүүчү инъекция химиотерапияга жана иммунотерапияга туруктуу болуп калган бейтаптарда мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү натыйжаларды көрсөткөн.

11 өлкөнү камтыган эл аралык изилдөөгө рак оорусу кайра күчөп кеткен же дененин башка бөлүктөрүнө жайылып кеткен жана буга чейинки дарылоо ыкмалары жардам бербей калган бейтаптар катышкан.

«Амивантамаб» деп аталган препарат бейтаптардын үчтөн биринен көбүндө шишиктердин көлөмүн азайткан. Айрым учурларда оң өзгөрүүлөр бир нече жуманын ичинде эле байкалган. Ал эми 15 бейтапта шишиктер толугу менен жоголгон.

Лондондогу Онкологиялык изилдөөлөр институтунун ракка каршы биологиялык терапия боюнча профессору Кевин Харрингтон мындай жыйынтыктарды болуп көрбөгөндөй жетишкендик деп атады.

«Бул химиотерапияга да, иммунотерапияга да жооп бербей калган бейтаптар үчүн өзгөчө күчтүү натыйжа. Мындай адамдардын дарылоо мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү болгондуктан, бул деңгээлдеги жыйынтык таң калтырбай койбойт», — деди ал.

Окумуштуунун айтымында, жаңы дарылоо ыкмасы жыл сайын миңдеген адамдарга жардам бере алат.

Изилдөөнүн жыйынтыктары дүйнөдөгү эң ири онкологиялык форумдардын бири болгон Америкалык клиникалык онкология коомунун Чикагодогу жылдык жыйынында сунушталат.

Изилдөөнүн алкагында баш жана моюн рагы менен ооруган 102 бейтапка инъекция сайылган. Натыйжада 43 бейтапта шишиктер кичирейген же толугу менен жок болгон. Алардын ичинен 28инде шишик олуттуу түрдө азайса, 15инде толук жоголгон.

Окумуштуулар препарат өпкө рагы менен ооруган бейтаптарда да окшош натыйжаларды көрсөткөнүн билдиришкен.

Johnson & Johnson тарабынан иштелип чыккан амивантамаб учурда 60ка жакын клиникалык сыноодон өтүп жатат. Ал негизинен өпкө рагын, ошондой эле ичеги-карын, мээ жана ашказан рактарын дарылоодо изилденүүдө.

«Акылдуу» инъекция ракка үч багытта таасир этет:

  • Шишиктин өсүшүнө жардам берген EGFR белогун бөгөттөйт;
  • Рак клеткалары дарылоодон качуу үчүн колдонгон MET механизмин басат;
  • Иммундук системаны активдештирип, рак клеткалары менен күрөшүүгө көмөктөшөт.

Препараттан пайда көргөн алгачкы бейтаптардын бири — 56 жаштагы Карл Уолш. Ага 2024-жылы тил рагы диагнозу коюлуп, 2025-жылы клиникалык сыноого катышкан.

«Башында мага химиотерапия жана иммунотерапия жасалган, бирок алар жардам берген жок. Андан кийин мени OrigAMI-4 программасына сунушташты. Азыр дарылоонун 17-курсундамын жана жетишкен ийгиликтерге абдан ыраазымын», — деди ал.

Амивантамабдын дагы бир артыкчылыгы — көпчүлүк рак дарыларындай тамырга тамчылатылып берилбестен, теринин астына кадимки эле укол катары сайылат. Бул дарылоону тезирээк жана бейтаптар үчүн ыңгайлуураак кылат.

Дарылоо үч жумада бир жолу жүргүзүлөт. Терс таасирлердин көбү жеңил же орточо деңгээлде болгон. Ар бир он бейтаптын биринен азы гана дарылоону токтотууга аргасыз болгон.

Карл Уолш дарылоодон кийин жашоосу кыйла жакшырганын белгилеген.

«Мурда шишиктен улам сүйлөө жана тамактануу кыйын болчу. Дарылоо башталгандан кийин шишиктин көлөмү азайып, ооруткан белгилер дээрлик жоголду. Химиотерапия учурундагыдай оор терс таасирлер да жок болду», — деди ал.

Анын айтымында, оорунун күчөгөн мезгилинде ал негизинен шорпо, күрүчтөн жасалган десерттер, макарон жана омлет менен гана тамактанган. Бирок эки дарылоо курсунан кийин кадимки тамактанууга кайта баштаган, ал эми алты айдан соң толугу менен кадимки рационго өткөн.

Изилдөөчүлөр сыноо адам папиллома вирусуна (ВПЧ) байланышпаган баш жана моюн рагы менен ооругандарга багытталганын белгилешти. Мындай рак түрү адатта дарылоого кыйыныраак жооп берет.

Амивантамаб алган бейтаптар дарылоо башталгандан кийин орточо эсеп менен 12,5 ай жашаган. Бул көрсөткүч дарылоонун стандарттуу ыкмалары жардам бербей калган бейтаптар үчүн олуттуу жетишкендик катары бааланууда.

Онкологиялык изилдөөлөр институтунун башкы директору Кристиан Хелин жаңы препарат ракка каршы күрөштө чоң кадам болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Дарылоо мүмкүнчүлүктөрү өтө аз болгон бейтаптарда шишиктердин мындай деңгээлде жооп бериши жана жашоо узактыгынын жогорулашы — абдан маанилүү жетишкендик», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз