Армениядагы шайлоо: Добуштардын жарымынын жыйынтыгы менен Пашиняндын партиясы 51% добуш алды

Армениянын бийликтеги «Жарандык келишим» партиясы добуштардын 50%ы эсептелгенден кийин парламенттик шайлоодо 51,71% добуш алууда. 2005 шайлоо тилкенин 1029ундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланды, добуш бергендердин саны дээрлик 596 миң адамды түздү.

«Armenia Today» өлкөнүн БШКсына шилтеме берип кабарлагандай, партия үчүн 303 648 шайлоочу добуш берген. Экинчи орунда 23,2% (136 226 добуш) менен «Күчтүү Армения», үчүнчү орунда 9,33% (54 768 добуш) менен «Армения» турат. «Гүлдөгөн Армения» партиясына шайлоочулардын 4,29%ы (25 218 добуш) добуш берди.

Буга чейин Никол Пашинян добуштардын болжол менен 10%ы эсептелгенден кийин эле «Жарандык келишимдин» жеңиши тууралуу жарыялаган. Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 7-июнда өттү. Ага 18 саясий күч — 16 партия жана 2 блок катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы менен шайлоочулардын катышуу көрсөткүчү 58,97%ды түзүп, добуш берүүгө 1 476 597 адам катышты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз