Соттолуп жаткан экс-элчинин кызы да тергөө абагында кармалууда
«Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы — Мээрим Узакбаева дагы тергөө абагында кармалууда», - деп билдирди 11-июнда адвокат Акынбек Ногоев.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти басып алууга даярдануу боюнча кылмыш иши каралып жатат, айыпталуучулардын арасында Узакбаев да бар.
Сот отурумунун жүрүшүндө Узакбаевдин абалы начарлап, сотко тез жардам чакырылган. Буга байланыштуу сот отуруму түштөн кийинки убакытка жылдырылды.
Адвокат Ногоевдин айтымында, Узакбаевдин кызы коррупция боюнча шектелип, эки айдан бери тергөө абагында отурат.
«Бул убакыттын ичинде эч кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн жок. Бүгүн ал ачкачылык жарыялады. Аны 1992-1993-жылдары мүлктү жана жерди мыйзамсыз менчиктештирген деп айыптап жатышат. Менчиктештирүү болгондо Мээрим Узакбаева 10 жашта болчу», - деди жактоочу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

