Бишкекте 9-кабаттан эки бала кулап түшүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

16-март күнү саат 16:24тө Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Уметалиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 9-кабаттан болжол менен 4-5 жаштагы эки бала кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
 
"Сводка АКИпресс" басылмасы жазгандай, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жетип барган. Балдар оор жаракат алып, ошол жерде көз жумган.
 
Бул факт Ленин райондук ИИБдин маалыматтарды каттоо журналына (ЖУИ) катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
 
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз