Курсан Асанов сот залынан чыгарылды
22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «75 кишинин каты» боюнча соттук отурум уланды.
Отурумду судья Азирет Медеров алып барууда.
Мамлекеттик айыптоо тарабы жашыруун күбөлөр болгондуктан отурумду жабык эшик артында өткөрүүнү өтүндү.
Бул өтүнүчкө айыпталуучу Курсан Асанов каршы чыкты: «Президент Садыр Жапаров Конституциянын кепили. Сот адилеттүүлүгү барбы деген суроого мен "ооба" деп жооп берем. Анткени мен Конституцияга ишенем. Эмне болуп жатканын түшүнүп жатам. Өлкөдө бийликтин 3 бутагы бар. Ал эми төртүнчү бийлик — бул ЖМК. Эгер өтүнүчтү канааттандырсаңыздар, анда элдин президентке болгон ишенимин нөлгө түшүрөсүздөр.
Биз жаратканды алдай албайбыз, бири-бирибизди алдайбыз. Жасалган кылмышка... Президентти колдойлу деп биринчи жолу колдогондон кийин, ушундай кагаз толтургандарга мен түшүнгүм дагы келбейт, түшүнбөйм дагы. Ак ийилет, сынбайт», - деди ал.
Мындан кийин судья Асанов соттун тартибин бузганын жүйө келтирип, аны сот залынан чыгарды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

