Мессинин дублу Аргентинага жеңиш алып келди

Аргентинанын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпиондугунда экинчи жеңишине жетти.

Тайпалык этаптын экинчи турундагы беттеште аргентиналыктар Австриянын курама командасына каршы ойношту.

Беттештин башында австриялыктардын дарбазасына пенальти дайындалган, бирок Месси гол киргизе алган жок.

Аргентинанын курама командасынын капитаны биринчи таймдын аягында катасын оңдоп, алыскы аралыктан таамай сокку узатты — 1:0. Экинчи таймга кошулган убакытта Месси дагы бир гол киргизди.

Аргентина 2:0 эсебинде жеңишке жетти, Месси дүйнө чемпиондуктарынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп (18 гол), германиялык Мирослав Клозени (16 гол) артта калтырды.

Аргентина эки турдан кийин 6 упай топтоп, турнирдик жадыбалда алдыда келе жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз