Милиция 14 жаштагы баланы табууга көмөктөшүүнүн суранат
Ош облусунун Кара-Суу районунда 14 жаштагы бала 3 күн мурун мектепке кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 15-мартында Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Мады айылынын 1982-жылы туулган Г.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2011-жылдын 22-сентябрында туулган Мухамадазиз Юсупов аттуу уулу 2025-жылдын 14-мартында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
«Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары башталган. Жогорудагылардын негизинде дайынсыз болуп жаткан 2011-жылы туулган Мухамадазиз Юсупов тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.
Кийген кийимдери: үстүндө кара спорттук кийим, оң көкүрөгүндө БМВ автоунаасынын эмблемасы бар. (сүрөттөгү кийим)
Өзгөчө белгилери: чачы кара, өңү саргыч, боюнун узундугу 160-165 см.
Байланыш тел: (03222) 5-31-19, моб:0702 01 10 10, 0553 54 10 10.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.