Москвада күйүүчү майдын тартыштыгынан улам унаа кезеги пайда болду

Москвада айдоочулар бензин тартыштыгынан улам май куюучу жайларда сааттап кезек күтүп жатышат.

Meduza басылмасынын маалыматына караганда, күйүүчү май кризиси Орусиянын көпчүлүк аймактарын, анын ичинде борбор калаа Москваны да каптады. Акыркы күндөрү көптөгөн май куюучу жайларда узун кезектер пайда болду. Ал эми дизель майы гана сатылган бекеттерде мындай тыгын байкалбайт.

Айрым май куюучу жайлардын кызматкерлери фото жана видео тартууга тыюу салышууда. Алар муну май куюучу жайлар «атайын объект» болуп саналары менен түшүндүрүшүүдө.

Маалыматка ылайык, «Лукойл» тармагындагы май куюучу жайлардын көбү убактылуу жабылган же дизель майын гана сатып жатышат. «Нефтьмагистраль» тармагында болсо бензиндин бардык түрү жеткиликтүү эмес. Ал эми «Газпромдун» айрым май куюучу жайлары иштеп жаткан менен, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жок же дизель майы гана сатылууда.

Эң туруктуу абал «Роснефть» тармагында байкалууда. Бул компаниянын көпчүлүк май куюучу жайларында бензин бар, бирок бир кардарга эң көп дегенде 50 литрден гана сатылууда. Ошол эле учурда айрым бекеттерде АИ-92 бензининин тартыштыгы да катталууда.

Басылма белгилегендей, «Роснефттин» айрым май куюучу жайлары жаңы күйүүчү май жеткирилгенче болжол менен бир саатка ишин токтотуп турушат. Буга карабастан, айдоочулар кезектен кетпей, бензин сатыгы кайра башталышын күтүп турушат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз