Адабияттагы алакандай аңгемелер

Жаш калемгер Каухар Биймамат кызы кыска форматтагы чыгармалары аркылуу турмуш чындыгын, коомдук көйгөйлөрүн жана адам аң сезимин таамай берүүгө аракет кылып, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш жазмакер. Анын чакан чыгармаларында көлөмдүү текстте эмес, ойдун салмагынан жаралган таасир жатат. Анда ар бир сүйлөм окурманга даяр жыйынтык сунуштабайт, тескерисинче, ой калтырып, анын уландысын ар кимдин өз аң-сезиминде улоого мүмкүнчүлүк берет.

Адабият тарыхында аз сөз менен ааламдык ой айтуунун үлгүсү катары Эрнест Хемингуэйдин: «Кичи баланын бут кийими сатылат. Кийилбеген» деген чыгармасын айтууга болот. Мында болгону бир сүйлөмдөн турган текст окурманды терең ойго салып, бүтүндөй бир тагдырды элестетүүгө түртөт. Дал ушундай ыкма – аз сөзгө чоң маани сыйдыруу – бүгүнкү адабиятта да өз ордун жоготкон жок.

Турмуштун майда көрүнгөн көрүнүштөрүнөн чоң маанини издеген мындай чыгармалар азыркы окурмандар үчүн өтө кызыктуу. Анткени кээде бүтүндөй бир роман айтып бере албаган ойду бир нече сап менен жеткирүүгө болот. Бул өзүнчө ыкма, өзгөчө жанр. Төмөндө сиздерге Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылынын тургуну, жаш автор Каухар Биймамат кызынын алакандай аңгемелерине назарыңыздарды бурабыз.
                           
МИНИАТЮРА

Канчалык аракет кылып, бактылуу көз ирмемдерди унутпоо үчүн, күндөлүк дептерине жазайын десе да, анын эсине унуткусу келген нерселер түшө берет.

ЧОҢ ИЙГИЛИК

Электр жарыгы жок, чырак менен отурган үйдүн чырагы катуу шамалдан өчүп калды. Катуу шамал түнөргөн булуттарды айдап, айды көрсөттү.
          
ТАЗА ШААР

Шаарда болуп жаткан "тумоо бучкакты" тазаланбаган таштандыдан көрүштү. Бүт таштандыларды тазалап, өртөштү. Кирдеген абанын астында таштандысы жок "таза шаар" уктап жатты.
                         
САПАТСЫЗ ЖУМУШ

Жаңы курулуп, чатыры жабылган үйдүн чатырын, шамал учуруп "балакет баскыр шамал" аябай чыгым келтирди.
      
ТАЛКАЛОО

Туристтердин коопсуздугу үчүн, салттуу ыкма менен курулган көпүрөнү бузуп, ордуна коопсуз, кенен, чоң көпүрө салышты. Ошондон кийин көпүрөнү көрүү үчүн туристтер келбей калышты.
          
СҮЙКҮМ ЭЛЕС

Бешик бөктөрүп, бала өңөргөн кымыз жыттуу жеңесинин оруканага түшүп калганын угуп, ага барды. Оорукананын керебетине бөктөрүлүп, дары жыттанып жатканын көрүп, жашын чыгара албай ыйлады.

БИЗНЕСМЕН

Тоодо, түздө өзү жалгыз эс алып жүргөндө эч коркпойт. Качан эки кабат хан сарай үйүнө же көп кабатуу үйдөгү элитка батирине келгенде, өзүнүн жаны жана мал мүлкү үчүн адамдардан коркот.

БАКТЫЛУУ АДАМ

- Халед... ушул жерде өлүп калабызбы?
- Эмне, өлгөндөн коркуп атасыңбы?, –  деп ал катарлаш жаткан, оорулуу палаталаш адамга кайдыгер жооп берди.
- Сөөгүм өзүмдүн Ала-Тоомо, мекениме барса экен дейм, – деди үнү каргылдана. - Биздин Каирде жер абдан тартыш, бул жакта тапкан акчам менен, ал жакка барып батир сатып алышым мүмкүн, бирок көмгөнгө жер сатып ала албайм. Өзүм өлсөм бул жакка көмгүлө деп, эбак акча төлөп койгом. Саздак токой болсо деле токойлуу Сибирдин бир жерине коюлса мен бактылуумун.
         
КҮТҮҮЧҮ

Ал өмүр бою "дагы бир аз" деди.
Дагы бир аз убакыт.
Дагы бир аз акча.
Дагы бир аз бакыт.
Өмүрү "дагы бир аз" болуп өттү.

Келечекке кадам

Мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, материалдык жактан камсыздашты. Билим берүүнүн багыты, руханий абал ошол бойдон калды. 

СЕЛСАЯК

Жаңгак таап алып, чагып жеп, кабыгын ыргытып жатып: «мен да ушул сыяктуу коомдон ыргытылганмын да», – деп ойлонду.

ТУРУКТУУ АРАКЕТ

Бала кезинде ташка тамып жаткан тамчыны көрүп, күлүп кеткен эле.
Жылдар өтүп, ошол жерге кайра жолу түштү. Тамчы ташты тешип койгонун көрдү.

ЖАШОО НАРКЫ

Төрөтканадан аялын чыгармакка гүл дүкөндүн жанынан телефон чалды:
- Алоо, кайсы гүлдү жактырасың?
- Гүлдү эмне кыласың?!. Андан көрө ошол акчага балага жалаяк алабыз.

ҮШКҮРҮК
Ар дайым адамдарды тамашалап, күлдүрүп, шайыр мүнөз досунун ооруканага түшүп калганын угуп, ага барды. Ал жай сурашып бүткөн соң:
- Э-э, досум, эмне тиричилик менен жүрөсүң?, – деди оорулуу досу.
- Э-э, баягы, үй салам деп алган жети сотых жеримдин документи бүтпөй, ошо менен убараланып жүрөм, – деди.
- А-а, мен болсо ..., эки метр жер алам десе, ага барбаштын убарасы менен ооруканада жүрөм, – деди үшкүрүнүп.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз