Автобуста өспүрүмгө ыдык көрсөткөн жаран кармалды
Милиция коомдук транспортто өспүрүмгө асылган эркек кишини кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди, деп жазат "Баракелде"
Арыз ээсинин айтымында, 28-июнда анын 2010-жылы туулган өспүрүм кызы коомдук транспортто белгисиз эркек кишинин мыйзамсыз аракеттерине туш болгон. Ал кыздын санына колу менен тийишкен.
Бул факт Свердлов РИИБинде катталган.
Ал боюнча 1991-жылы туулган Б.А. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

