Руханий байлыктын төрүндөгү ыр дүйнө

Китепке пикир.

Кыргыз поэзиясынын айдыңына өзүнүн кайталангыс үнү, назик сезими жана турмуштук терең соккусу менен кирген калемгер Мырзайым Маматумарованын «Бакытым да, байлыгым да — бул ырларым» аталыштагы экинчи китебинин жарык көрүшү — жалпы адабият күйөрмандары үчүн чоң жаңылык жана руханий саамалык болду. Бул жыйнак — автордун чыгармачылык жолундагы олуттуу кадамы гана эмес, көп жылдык изденүүсүнүн жемиши, окурман жүрөгү менен болгон ишенимдүү маектин алтын көпүрөсү.

«Кээ бирөөлөр үчүн байлык — бул мал-мүлк болсо, калемгер үчүн эң чоң дөөлөт — анын жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан ыр саптары». Китептин мындай аталышы автордун бүтүндөй чыгармачылык философиясын, анын руханий дүйнөсү материалдык баалуулуктардан бийик турарын айгинелеп турат.

Эмгек менен такталган тагдыр, ыр менен өрүлгөн өмүр

Ар бир акындын ырлары анын басып өткөн өмүр жолунан, тагдырынан тамыр алат. Мырзайым Маматумарова  1960-жылы 21-августта Өзгөн районунун Салам-Алик айылында туулган. Жаштыгы эмгек менен чыңалып, Жалал-Абаддагы №1 кесиптик-техникалык окуу жайын механизация адистиги боюнча бүтүргөн. Чыныгы кыргыз аялзатына мүнөздүү өжөрлүк, кайраттуулук менен эмгек жолун совхоздо тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. Мына ушул кара жердин касиетин сезип, соко кармаган колдордун бүгүн назик ыр саптарын жаратып жатышы — өзүнчө бир өзгөчөлүк катары баалуу.

Бүгүнкү күндө ал өмүрлүк жолдошу Жаныбек Осмонов экөө 2 уул, 3 кызды тарбиялап, небере-чеберелердин сыймыктуу чоң энеси, таенеси жана үлгүлүү эне. Турмуштун ысык-суугун көрүп, үй-бүлө очогун тутантып келген акындын токтоо мүнөзү анын ырларындагы философиялык тереңдик менен  айкалышкан.

Назиктик менен курчтуктун айкалышы

Биринчи китеби менен адабият босогосун ишенимдүү аттаган автор, бул экинчи жыйнагында калемин бир топ курчутканы байкалат. Анын ырларынын негизги өзөгүн өзгөчө бир аялдык назиктик түзсө, ошол эле учурда турмуштун ачуу чындыгын түз айткан курчтук, тайманбастык мүнөздүү.

Жыйнакты барактаган ар бир окурман миң кырдуу темаларга саякаттайт. Анда адамдык бийик сапаттар: жашоонун ак-карасын ажыратуу, улуулукту улуктоо, Мекенге болгон чексиз сагыныч: туулган жердин — Салам-Аликтин топурагына, суусуна болгон кусалык, Махабаттын миң кырдуу сырлары: жаштыктын жалындуу сезимдери жана өмүрлөшкө болгон туруктуулук, Энелик мээрим: аял затына гана мүнөздүү назик сезимталдык бар.

Ыр — акындын тагдыры

Мырзайым Маматумарова үчүн ыр жазуу — жөн гана убакыт өткөрүүчү эрмек эмес. Бул — анын жашоосунун маңызы. Кубанганда сүйүнүчүн бөлүшкөн, каңырыгы түтөгөндө арыз-муңун айткан сырдашы. Китептеги ар бир ыр — жөн гана уйкаштык эмес, бул жан дүйнөнүн толкундануусу, турмуштук тажрыйбанын сабактары жана келечекке болгон үмүттүн шооласы. Калемгер кыргыз поэзиясынын тилинде абдан таза, жасалмасыз жана түз жүрөккө жеткире сүйлөй билет.

Автордун жаңы китеби кут болсун! Эч качан калеми мокобой, кыргыз поэзиясынын төрүнөн татыктуу орун алып, «байлыгы» болгон ырлары кылымдар бою окурмандардын жүрөгүндө жашай берсин демекчибиз. 

А.МАТИЕВА. 

 БАЛДАРЫМ
«Апоов» - дейт уулум мени карап алып,
Сиз жокто эмнегедир үй жылыбайт.
Мешке бүт отун, көңдү  калап алып,
Жаксак  да суу кайнабай жай чымырайт.

«Апоов» - дейт кызым мени бек кучактап,
Сиз жокто үй караңгы, жарык чачпай.
Эркелеп экиленет ал бышактап,
Эрте эле келиңизчи жатып калбай.

 Уулум ай кагылайын жаным менин,
Жүрөгүн элжиреттиң апакеңдин.
Силерге жылуулукту берип турган,
Эненин баласына төккөн мээрим.

Кызым ай айланайын эркем менин,
Кара көзү өзүң го апакеңин.
Силерге жарык шоола чачып турган,
Жалындап бала үчүн күйгөн сезим.

ЖАШОО БУЛ КҮРӨШ

Жашоодо баары болот өкүнбөгүн,
Жинденип кыйындыкта өкүрбөгүн.
Өзүңдү сабыр менен бекем кармап,
Өмүрдө өрт сезимиң өчүрбөгүн.

Сүйгөнүң таштап кетсе ыйлабагын,
Сыгылып ары бери туйлабагын.
Сага эмес ал башкага буюруптур,
Салбырап сезимиңди кыйнабагын.

Жаманга жаман  сүйлөп теңелбегин,
Жайнаган жакшылар  көп тегерегиң. 
Жараткан теңдеп  коёт капаланба,
Жамандан алыс болуп, кенебегин.

Тагдырдан кача албайсың, мөңкүп туйлап,
Там берип баш ийесиң анан чындап.
Кубаныч, кайгы экөө эгиз дешет,
Кайрадан  ырыс келет бир аз кыйнап.

Бирөөнө сонун күндөр жазып коёт,
Балкытып  жолдорун да ачып коёт.
Аны да текеберсиз көтөрө бил,
Антпесе аны  кайра алып коёт.

Тим эле айта берсең сырлары көп,
Тозогунан  а бирок жыргалы  көп.
Татыктуу өмүр сүрүү кандай сонун,
Турмуштун  кубандырган кырлары  көп.

КАЛСА ДЕЙМ ИЗДЕРИМ

Столума олтурам  да өбөктөй,
Сууруп дилден  ырлар жазам жөнөкөй.
Ырларымды окушса  деп тиленем, 
Ырдап жүрсө кубанып бир көмөкөй.

Мен жолумду ар тараптан издедим,
Мээнет басып багытын да билбедим.
Мейли бирок кеч болсо да таптым  бейм,
Менден кийин калса деймин издерим.

Жаман күндүн арасынан иргелдим,
Жалгыз  эмес жакшы менен биргемин.
Үмүтүмдү сактап жүргөм бир күнү,
Үзүлбөстөн уланарын билгемин.

Мен өзүмдү бир жоготуп ийгемин,
Мага эместей кызыктары  дүйнөнүн.
Убакыттай  жок экен го дарыгер,
Уурдап кайгым, кубантарын билгемин.

ЫРЛАРЫМДЫ СҮЙӨМҮН

Ырларымды экиге бөлө албайм,
Ылгабайм жаман да көрө албайм.
Мен үчүн баары кымбат ал анткени,
Жаманын таштандыга төгө албайм.

Жакшы көрөм аларды периштемдей,
Жан дүйнөмө нур чачып келишкендей.
Окуй берем тандабай  кайра- кайра,
Ойго тунуп тим эле эриккендей.

Жан дүйнөмдү жара тээп жаралгандай, 
Жактырамын  чынында  жан баламдай. 
Балдарым да бардыгы бирдей эмес,
Окшоштуруп  ошого таң калам ай.

Балдарыма  күнүгө көңүл бөлөм, 
Кандай болсо, ошондой жакшы көрөм.
Ырларым да дал ошол балдарымдай,
Аларды да толгонуп мен төрөгөм.

МЕКЕНИМ- КЫРГЫЗСТАН

Кереметтүү мекеним Кыргызстан,
Көк тиреген тоолорун ыйык туткан.
Байыртадан бабаларым  сактап келген,
Баалуусуң , касиеттүү ырыс жуккан.

Илгертен өчпөй турган тарыхы бар,
Ичинде кайнап турган намысы бар.
Ак илбирстей көздөгөнүн жетип тынган,
Алдында  бийик максат багыты бар.

Ынтымагы баарынан бийик турган,
Эли- жерин  жанындай сүйүп турган.
Эрдик менен коргошуп  өз мекенин, 
Эч жеңилбей болсо да жаны курман.

Кызыл туусун көтөрүп бийик колго,
Кыраан журтум келатат  Уңгу жолдо.
Кыргызым жалтанбаган улуу элсиң,
Кан Манас урпактарың  өзүң колдо.

БАЙЛЫГЫМ -ЫРЛАРЫМ

Бай болсом деп мен деле кыялдандым,
Байлык жыйноо сырларын биле албадым.
Баарын таштап баш отум менен кирип,
Барайын деп сөзүмө тура албадым.

Чынын айтсам  кулпуну буза албадым,
Чымындарым чынжырын үзө албадым.
Ырларымды бапестеп баксам экен,
Жарды болуп жашоодон уялбадым.

Кымбат шуба элчилеп кийе  албадым,
Күндө мода кубалап  жүрө албадым.
Канча напсим агылып турса деле,
Ырларымдай аларды сүйө албадым.

Жол тандабас унааны мине албадым,
Жетпей жүргөн болсо да бир арманым.
Бирок аны кааласам деле канча, 
Кантип ага жетишти биле албадым.

Байлыктын эч багына кире албадым,
Башымды да мансапка ийе албадым.
Барктап, сактап алайын талантымды,
Бакытым да, байлыгым бул ырларым.

АТАМА

Атакеме окшото албай эч кимди,
Айланамдан карай берем ар кимди. 
Атам менин бир өзгөчө жан эле,
Арнап кетти мага кетпес эргүүнү.

Жомокторун балдар келип угушчу,
Жата калып берилип бир муюшчу.
Жадабастан айтып берчү сүрөттөп,
Мага таштап кетти атам уютку.

Артыбызды  бир кылчайып карасак,
Карааны да көрүнбөйт  эх бала чак.
Атакемдей көрбөдүм го эч качан,
Аябаган боорукер жан баласаак.

Келе берет бошой калсам эстегим, 
Кагылайын  эң кымбатым,  чеченим.
Ата азыр мен небере жетелеп,
Аман болсом сиздин жашка жетемин.

АПАМА

Сыйлагыла энелерди аманында,
Кайгы капа түшүрбөй  жамалына. 
Кыргызда мындай деген жакшы сөз бар,
Бейиш деген эненин таманында. 

Бизде да эне болгон убагында,
Карааныма зар болуп чебеленип.
Мен дагы азыр ушул курагымда, 
Жүрөмүн балдарыма тегеренип.

Азыр мен кыйла жашка барсам деле,
Апамды  көз алдыман өткөрөмүн.
Капаланткан күндөрүм  эстегенде,
Өзүмдү жектеп катуу өпкөлөймүн. 

Жашоо бул бир калыпта болбойт тура,
Бирде капа кээ бирде кубанасың.
Кандай болсоң да эне коргойт тура,
Эч качан жаман дебей өз баласын.

ДОСУМА

Рабия жан досум аккан досум,
Жан дүйнөсү, кыялы жаккан досум.
Жаш кезимен дайыма бирге жүрүп,
Жаратканым буюруп тапкан досум.

Өзүң менен  даамды  таткан досум,
Өзгөрүлүп сырымды каткан жокмун.
Өзгөлөрдөй артыңдан  бычак уруп,
Өмүр бою досумду саткан жокмун.

Досум болсо дайыма колдоп турат,
Кайда болсо эзилип ойлоп турат.
Кубанчымды  өзүмдөй кабыл алып,
Рабия досум бапырап тойлоп турат.

Бар го чыны достуктун көп түрлөрү,
Биз бололу эң жакшы үлгүлөрү. 
Эгиздердей ээрчишип дайым чогуу,
Эстен кеткис күндөрдө бир жүрөлү.

АК -КЫЯ

Жашаган  жерим түнөгүм,
Тоолору тунук  мүрөгүм.
Жайгашкан жериң жакшына,
Ак-Кыям сени сүйөмүн.

Ыраазы болуп бактыма, 
Ыйык жеримди жактырам.
Ыроолоп чачкан калкыма,
Ырыскым сенде Ак-Кыям.

Жайыты кенен адырлуу,
Тоюту  малга жагымдуу.
Элдери жашайт ынтымак,
Жаштары шайыр жалындуу.

Далилдеп жерин сүйгөнүн,
Эгиндин эгет  түрлөрүн.
Бапестеп баккан күрүчү,
Бренди болду дүйнөнүн.

САЛАМ- АЛИК 

Өзүңдө туулуп өскөмүн,
Өзгөчө сенин көркөмүң.
Кыш катуу болгону менен,
Күттүрбөй келет көктөмүң.

Туулган жер Салам-Алигим, 
Татына сулуу айылым.
Кай жерде жүрсөм сеземин,
Жеримдин  ысык жалынын. 

Жарымы  сенде жанымын, 
Жапжашыл кооз айылым.
Ташы да сонун көрүнөт,
Суу агып жаткан сайыңын.

Жанына жакын булуттун, 
Жайгашкан тоолор уюксуң.
Өзгөдөн  турам кызганып, 
Өз жерим өтө ыйыксың.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз