Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык унаа берилди
Саламаттык сактоо министрлигине 100 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу "АКИпресс" жазды.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, медкызматкерлер жана башкалар катышты.
Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо системасында каржылоо көбөйүп жатканын билдирди: эгерде 2021-жылы ал 21,5 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 52 млрд сомго жеткен.
Анын маалыматына караганда, 1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылып, бул аракеттерге 18,5 млрд сом багытталды.
Ал ата мекендик өндүрүштөгү «100 Chevrolet» унаасы сатып алынганын кошумчалады.
«Медицина кызматкерлеринин мобилдүүлүгү абдан маанилүү. Бул аларга бейтаптарга тез жетүүгө жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берет», - деди ал.
Касымалиевдин айтымында, мамлекет саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртууну жана материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


