Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык кызматтарында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын башчысы Нурсултан Шакир уулу өзүнүн арызынын негизинде кызматтан бошотулган болсо, анын ордуна Азамат Советбек уулу дайындалды. Аны дайындоо тууралуу буйрукка калаа мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 18-мартта кол койгон.

Азамат Советбек уулу мурда аталган комбинаттын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Ал эми Ош шаардык жарандарды тейлөө бюросунун башчысы Нурмухаммед Каракулов кызматтан кеткен болсо, анын ордуна Барчынбек Таныров 6-мартта дайындалган.

Таныров буга чейин аталган бюронун башкы адиси болуп эмгектенген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз