УКМКнын мурдагы төрага орун басары 1 айга камалды

7-июлда Биринчи май райондук соту УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шадыбеков Уранбек Амановичти камакка алды.

«АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Шадыбеков коррупцияга шектелүүдө.

Ал Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына 2-сентябрга чейин камалды.

Шадыбеков ушул жылы 10-февралда УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызмат ордуна дайындалып, 8-июнда бошотулган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз