Саламаттык сактоо министрлиги 7 медициналык колледжди аккредитациялоодон баш тартты

Саламаттыкты сактоо министрлиги 7 медициналык колледжге мамлекеттик аккредитация берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык колледждерди биринчи жолу мамлекеттик аккредитациядан өткөрдү. 22-июндан 3-июлга чейин эксперттик комиссиялар колледждердин мамлекеттик талаптарга шайкештигин, адистерди даярдоонун сапатын, кадрдык камсыздоосун, материалдык базасын жана билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө тутумун баалады.

Мамлекеттик аккредитациядан баш тартылды:

  • №1 медициналык-фармацевтикалык колледжине;
  • Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжине;
  • Кочкор-Ата региондук колледжине;
  • К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин «Медайым иши» жана «Дарылоо иши» программалары боюнча;
  • «Авиценна» эл аралык медициналык университетинин медициналык колледжине;
  • «Уникум» кыргыз медициналык-социалдык колледжине.

6 жылдык мөөнөткө аккредитация алгандар:

  • Талас медициналык колледжи;
  • Нарын медициналык колледжи;
  • Майлуу-Суу медициналык колледжи;
  • Кызыл-Кыя медициналык колледжи;
  • И. К. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи;
  • С. Тентишев атындагы Азия медициналык университетинин алдындагы медициналык колледжи;
  • Эл аралык жогорку медицина мектебинин орто медициналык билим берүү борбору.

Бир жылдык мөөнөткө аккредитация алгандар:

  • Бишкек медициналык колледжи;
  • Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун медициналык колледжи;
  • «Кыргызстан эл аралык университети» окуу-илимий өндүрүштүк комплекси;
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжи;
  • К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси;

«Акушердик иш», «Фармация» программалары:

  • Жалал-Абад медициналык колледжи:
  • Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин медициналык колледжи;
  • Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжи;
  • Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Өзгөн эл аралык медициналык колледжи;
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун А. А. Машрапов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык колледжи;
  • Ош медициналык колледжи;
  • Токмок медициналык колледжи;
  • Кара-Балта медициналык колледжи;
  • Медициналык-фармацевтикалык колледжи;
  • «Дулдул-Тоо» Араван колледжи;
  • Ош региондук колледжи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз