Украина Москвага 350 дрон атты, каза болгондор бар
Москванын батышындагы Истрага жакын Пионерский айылында дрондордун жеке менчик үйлөргө кулашынын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, чабуулдун кесепетинен беш үйдө өрт чыккан. Аймактын башчысынын билдирүүсүнө ылайык, 13-июлга караган түндө абадан коргонуу тутуму Подмосковьенин асманынан 81 украиналык дронду атып түшүргөн.
«Түндө Москвага жакындап калган 50 дрон атып түшүрүлгөн. Ал эми Москва аймагын көздөй жалпысынан 350дөн ашык дрон учкан. Алардын көпчүлүгү кире бериште жок кылынган», - деп билдирди борбор шаардын мэри Сергей Собянин.
Борбор калаанын түндүк-батышындагы Солнечногорск шаарында дрон көп кабаттуу турак үйгө тийгенден кийин эки адам жабыркаганын Воробьев Телеграм каналында жазды. Ошондой эле Истрадагы Бабкино айылында эки жеке менчик үй зыянга учураган.
Воробьевдун маалыматы боюнча, Украина дрондору Одинцово, Наро-Фомин, Руза, Раменское, Можай, Волоколам, Чехов, Озеры, Истра, Подоль, Ступино, Домодедово, Солнечногорск жана Коломнанын үстүнөн жок кылынган.
Түндө Москванын бардык аэропортторунда каттам кабыл алууга жана жөнөтүүгө чектөө киргизилген. Таңкы саат беш-алтылар чамасында аэропорттор кайрадан ишин жанданткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

