Акжол Махмудов рейтингдик турнирде акыркы орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгрияда өткөн рейтингдик турнирдеги мелдешин жыйынтыктады.

Турнир 19-июлда Венгриянын Будапешт шаарында соңуна чыкты.

Мелдеште жалпысынан 10 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулуп, Кыргызстанды 9 балбан өкүлчүлүк кылды.

Кыргызстандык спортчулар бир алтын медаль жеңип алышты. Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында бардык атаандаштарын жеңип, турнирдин чемпиону болду.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын жыйынтыктары:

60 кг (22 катышуучу)

1-орун — Жоламан Шаршенбеков

63 кг (12 катышуучу)

8-орун — Афтандил Таалайбек уулу

72 кг (13 катышуучу)

10-орун — Раззак Бейшекеев

77 кг (30 катышуучу)

16-орун — Алибек Бердиев

82 кг (19 катышуучу)

19-орун — Акжол Махмудов

87 кг (20 катышуучу)

5-орун — Асан Жанышов

97 кг (22 катышуучу)

17-орун — Узур Жузупбеков
Эрлан Манатбеков — дисквалификацияланды

130 кг (17 катышуучу)

16-орун — Нурболот Токтогонов

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз