Украина алыска атуучу курал менен Орусиянын аймагына атууну улантат
Украина алыска атуучу курал менен Орусиянын ички бөлүгүнө сокку уруу үчүн артыкчылыктуу буталардын тизмесин жаңыртты, деп билдирди өлкөнүн президенти Владимир Зеленский.
Июндун аягында Зеленский өлкөнүн коргонуу күчтөрү үчүн Россияга карата «согушту токтотууга жетишүү максатында 40 күндүк таасир этүү операциясын» бекиткенин билдирген. Көп өтпөй мунайды кайра иштетүүчү заводдорго соккулар күчөп, «Wildberries» кампаларына чабуулдар жасалган. 10-июлда Зеленский Орусияга алыстан таасир этүү боюнча командачылыкты түзгөнүн жарыялаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

