ДССУ алжып калуудан кантип сактануу керектигин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Тобокелдик факторлорунун таасирин азайтуу аркылуу алжып калуунун (деменция) 45%га чейинки учурларын алдын алууга же анын өнүгүшүн кечеңдетүүгө болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жаңыланган глобалдык сунуштарында айтылат, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Учурда дүйнө жүзүндө 57 миллиондон ашык адам деменция менен жашайт. Жыл сайын бул илдеттин болжол менен 10 миллион жаңы учуру аныкталат. Бардык учурлардын 60–70%ын Альцгеймер оорусу түзөт. ДССУнун маалыматына ылайык, азырынча деменцияны толук айыктыруучу натыйжалуу дарылоо ыкмасы жок. Бирок сергек жашоо образын кармануу, өнөкөт ооруларды көзөмөлдөө жана айлана-чөйрөдөгү зыяндуу факторлордун таасирин азайтуу аркылуу оорунун өнүгүшүн басаңдатууга болот.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, деменциянын пайда болуу себептери мурдагыга караганда кыйла жакшы изилденди. Жаңыланган сунуштар бул билимди практикалык аракеттерге айландырууга жардам берет. Ал белгилегендей, адамдардын когнитивдик ден соолугун коргоо үчүн илимге негизделген чараларды кеңири колдонуу зарыл. Сунуштарда үзгүлтүксүз дене тарбия менен машыгуу, туура тамактануу, тамекиден баш тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди аз колдонуу өзгөчө маанилүү экени белгиленет. Дайыма активдүү кыймыл-аракетте болуу, мээнин когнитивдик функцияларын машыктыруу жана кан басымдын жогору болушун, кант диабети, холестериндин көбөйүшүн көзөмөлдөө сунушталат.

Алгачкы жолу ДССУ деменцияны алдын алуу чараларынын катарына булганган абанын таасирин азайтууну да киргизди. Мындан тышкары, айрымдар үчүн угуу аппараттарын колдонуу оорунун өнүгүүсүн азайтууга жардам бериши мүмкүн. Ошол эле учурда, эгерде организмде жетишсиздик жок болсо, деменцияны алдын алуу максатында «В» жана «Е» витаминдерин, омега-3 май кислоталарын же мультивитаминдерди кабыл алуу сунушталбайт. Анткени алардын пайдасын тастыктаган илимий далилдер азырынча жетишсиз.

Уюмдун маалыматына ылайык, деменция эс тутумга жана когнитивдик жөндөмдөргө гана таасир этпестен, адамдын өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүгүн да төмөндөтөт. Бул үй-бүлөлөр үчүн олуттуу эмоционалдык жана каржылык жүк жаратат. Дүйнө жүзүндө деменцияга байланыштуу жылдык чыгымдар болжол менен 1,3 триллион долларды түзөт. 

ДССУ деменцияны алдын алуу чараларын жугуштуу эмес оорулар жана мээнин ден соолугуна байланыштуу жардам көрсөтүү системаларына киргизүү оорунун жүгүн азайтып, адамдардын ден соолугун сактоого жардам берет деп эсептейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз