Кыргызстанда адамдар эң көп кайсы оорудан каза болушат?

Быйыл 5 айдын аралыгында Кыргызстанда 13 миң 103 адам каза болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди, деп жазата "Баракелде" басылмасы.

Өлүмдүн эң көп учуру Бишкекте катталган — 2342 учур, Жалал-Абад облусунда — 2228, Чүй облусунда — 2185 жана Ош облусунда — 2155. Ош шаарында 746 адам, Ысык-Көл облусунда — 1278, Баткенде — 938, Нарында — 669, Таласта — 562 адам каза болгон.

Өлүмдүн негизги себеби — кан айлануу системасынын оорулары. Ага жалпы бардык учурлардын жарымынан көбү (6876 же 52,5%) туура келет. Экинчи орунда — шишик оорулары (1584 учур же 12,1%). Ошондой эле эң көп таралган себептердин катарында — дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын оорулары бар. COVID-19дан эки адам каза болгон.

Өлүм себептери

Кан айлануу системасынын оорулары — 6 876 учур же 52,5%;

Жүрөктүн ишемиялык оорусу — 4 056 учур анын ичинде курч миокард инфаркты — 523 учур;

Мээнин кан тамырлары жабыркаган оорулар — 1 358 учур;

Гипертониялык оору — 356 учур;

Рак — 1 584 учур же 12,1%;

Классификацияланбаган өлүм — 960 учур же 7,3%;

Тышкы себептер —850 учур же 6,5%;

Транспорттук кырсыктар — 325 учур;

Атайылап өзүнө зыян келтирүү — 114 учур;

Сууга чөгүү — 29 учур;

Кол салуулар — 21 учур;

Алкоголдон уулануу — 20 учур;

Дем алуу органдарынын оорулары — 761 учур же 5,8%;

Пневмония — 304 учур;

КРВИ — 10 учур;

Грипп — 4 учур;

КРВИ (дем алуу жолдору) — 1 учур;

Тамак сиңирүү органдарынын оорулары — 574 учур же 4,4%;

Өнөкөт гепатит — 12 учур;

Перинаталдык мезгил — 448 учур же 3,4%;

Эндокриндик оорулар — 312 учур же 2,4%;

Кант диабети — 225 учур;

Нерв системасынын оорулары — 267 учур же 2%;

Менингит — 8 учур;

Жугуштуу жана мите курт жараткан оорулар —176 учур же 1,3%;

Кургак учук — 62 учур;

Өнөкөт вирустук гепатит — 59 учур;

ВИЧ — 10 учур;

Ичеги инфекциялары — 7 учур;

Туулгандан кийинки кемчиликтер — 144 учур же 1,1%;

Репродуктивдүү органдардын оорулары — 103 учур же 0,8%;

Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги — 30 учур;

COVID-192 (лабораториялык ырасталган) — 1 учур;

Вирус аныкталган эмес — 1 учур.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз