БУУ ысык аба ырайы тууралуу коңгуроо какты
Планетаны катуу ысык күтүүдө. Күчөп жаткан Эль-Ниньо климаттык кубулушу жакынкы айларда температуралык рекорддорду жаңыланышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
Ал өлкөлөрдү адамдарды аптаптуу ысыктан коргоо үчүн тез арада чара көрүүгө жана көмүр, мунай менен газды колдонууну көбөйтпөөгө чакырды. Гутерриштин айтымында, дүйнө буга чейин эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туш болду. Анын ичинде катуу ысык, Испания, Франция жана башка өлкөлөрдөгү ири токой өрттөрү, ошондой эле океан суусунун температурасынын рекорддук деңгээлге жетти.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына караганда, Эль-Ниньо күчөйт жана 2026-жылдын августунан октябрына чейин жогорку деңгээлге жетет. Бул мезгил аралыгында көп аймакта абанын температурасы адаттагыдан жогору болушу мүмкүн. Эль-Ниньо температурага гана эмес, жаан-чачындын көлөмүнө да таасир этет. Айрым өлкөлөрдө бул кургакчылыкка, суу ташкындарына жана токой өрттөрүнө алып келиши мүмкүн.
Гутерриш климаттык кризис тез күчөп жатканын билдирди. Анын белгилешинче, катуу ысык өзгөчө улгайган адамдар, балдар жана башка аялуу топтор үчүн кооптуу. Ысыктан улам ооруканаларга, энергетикалык системаларга жана транспортко болгон күч да көбөйөт. Ал өлкөлөрдү төрт багытка көңүл бурууга чакырды:
- катуу ысык тууралуу элге алдын ала эскертүү;
- коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу;
- шаарларды жана инфраструктураны ысыкка ылайыкташтыруу;
- казып алынуучу отундарды колдонууну азайтуу.
Августтан октябрга чейин Африка, Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Американын көптөгөн аймактарында, ошондой эле Жаңы Зеландияда температура нормадан жогору болот. Ошол эле учурда айрым аймактарда жаан-чачын көп жаашы күтүлсө, башка жерлерде кургакчылык болушу мүмкүн. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башчысы Селеста Сауло болжолдор өлкөлөргө мүмкүн болуучу кесепеттерге алдын ала даярданып, зарыл чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Эль-Ниньо — бул Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүгүндөгү суунун температурасы адаттагыдан жогорулаган табигый климаттык кубулуш. Мунун кесепетинен дүйнөнүн көп жеринде аба ырайы өзгөрөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

