Украин дрону Орусиядагы айылга кулап, 7 адам каза болду
Геленжиктин жанындагы Архипо-Осиповка айылындагы кум жээктин аймагына украиналык дрон кулаган. Кесепетинен 7 эс алуучу, анын ичинде 3 бала каза болду. Бул тууралуу Краснодар крайынын оперативдүү штабы кабарлады.
Бийликтин маалыматы боюнча, дагы 40 адам жабыркаган, алардын арасында да балдар бар. 21 жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев чабуул жарандык инфраструктурага жасалганын билдирди. Анын айтымында, адамдар учкучсуз учактын сыныктарынан каза болушкан.
Окуя эртең менен деңизде эс алуучулар көп кезде болгон.
Украина тарап окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

