Украинанын 8 млндон ашык жараны чет өлкөдө жашайт
Учурда 8,4 миллиондон ашуун украиналык өз өлкөсүнөн тышкары жашап жатат. Бул тууралуу Украинанын Жогорку Радасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец билдирди.
«Бүгүнкү күндө 8,4 миллиондон ашуун жараныбыз өлкөдөн тышкары жүрөт. Биздин милдет — алардын ар бири Украина аларды унутпаганын жана алардын укуктарын коргоого даяр экенин билишин камсыз кылуу», — деп жазды Лубинец.
Акыйкатчынын бул билдирүүсү Украинадагы согуш уланып жаткан маалда айтылды. Анын айтымында, миңдеген украиналыктар дагы эле Орусиянын туткунунда кармалып турат. Ошондой эле 20 миңден ашуун украиналык бала Орусияга чыгарылып кеткен.
Лубинец мурда билдиргендей, 2014-жылдан бери Украинадан болжол менен 8,5 миллион адам чыгып кеткен.
Ал эми БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылы Украинадан 5,7 миллионго жакын адам чыгып кеткен.
Eurostat уюмунун 2026-жылдын июль айындагы маалыматы боюнча, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө 4,38 миллион украиналык убактылуу коргоо макамын алган. Алардын эң көбү Германияда — 1,283 миллион, Польшада — 967,5 миң, ал эми Испанияда — 267,4 миң адам.
Ошол эле учурда Украинанын Улуттук илимдер академиясы учурда Киев көзөмөлдөгөн аймактарда 27–28 миллионго жакын адам жашап жатканын билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

