Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлөклөрдөгү күйүүчү майдын баасы канча?
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 5-августка карата ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттердеги күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо бааларын сомго айландырып салыштырды.
Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 86,9 сомду түзөт. Казакстанда ал 46,1 сом, Орусияда 76,2 сом, Беларуста 77,7 сом, Арменияда 127,2 сом, Тажикстанда 122,9 сом, Өзбекстанда 94,9 сом турат.
Аи-95 бензини Кыргызстанда орточо 109,9 сомдон сатылууда. Казакстанда анын баасы 59,9 сом, Орусияда 83,3 сом, Беларуста 80,7 сом, Арменияда 134,4 сом, Тажикстанда 137 сом, ал эми Өзбекстанда 124,1 сомду түзөт.
Дизель майынын орточо баасы Бишкекте литрине 99,9 сом. Казакстанда ал 63,9 сом, Орусияда 91,5 сом, Беларуста 80,7 сом, Арменияда 146,4 сом, Тажикстанда 165,4 сом, Өзбекстанда 105,9 сом.
Суюлтулган көмүр суутек газы (автогаз) Кыргызстанда орточо 48,8 сомдон сатылууда. Бул көрсөткүч боюнча эң төмөнкү баа Казакстанда катталган — 20,8 сом. Орусияда автогаз 42,9 сом, Беларуста 41,1 сом, Арменияда 60 сом, Тажикстанда 56,7 сом, Өзбекстанда 42,3 сом турат.
Жыйынтыгында, Кыргызстанда бензин менен дизель майынын баасы Казакстан, Орусия жана Беларуска салыштырмалуу жогору. Ал эми Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга караганда төмөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул салыштырма маалыматтар күйүүчү-майлоочу материалдардын рыногундагы бааларды турукташтыруу жана атаандаштыкты жөнгө салуу иштеринин алкагында даярдалганын билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

