Султанбай Айжигитов Камчыбек Ташиевди теледебатка чакырды
Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-марттагы жыйында депутат Султанбай Айжигитов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди теледебатка чакырды.
«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз бүгүн чоң трибунанын астында мени аябай караладыңыз. Мен ошол каралаганыңыздарга жооп бере албадым. Ошондуктан, сиздин артыңызда мамлекеттик машина бар. Сизге корко турган эч нерсе жок. Мен өзүм жалгызмын. Менин артымда балким эл бардыр, мени коргогон. Башка эч нерсе жок. Ошондуктан, бул неме (чек ара) чечилди, чечилди... Аны эми убакыт көрсөтөт, кандай болгонун. Убакыт тараза, убакыт өзү көргөзөт. Ошону үчүн ушунун баарына чекит коюу үчүн мен сизди теледебатка чакырат элем. Ошол жерге бардык мамлекеттик машинанын маалыматы менен келип, ошол жерде мени каралаган фактыларыңыз болсо, теледебат өткөрсөк жакшы болот эле. Мен сизди ошого чакырып кетем. Сиз кандай дейсиз?»,- деп суроо салды депутат.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев : «Рахмат, сиз менен теледебатка ЦИК чыгат. Сиз менен теледебатка Борбордук шайлоо комиссиясы чыгат, ошону менен теледебат кыла бериңиз».
Мурдараак Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча кенен маалымат берип жатып, Султанбай Айжигитовдун буга чейин айткан маалыматтарын эске алып, анын буга чейин кылмыш иши бар экенин эске салып: «Борбордук шайлоо комиссиясы депутатты мандатынан ажыратып койсо таң калбаңыздар»,- деп билдирген эле.
Айжигитов ал иштер 2018-жылы бүткөнүн, анда анын баласы боюнча мектептеги коррупциялык иштер боюнча маселелер каралганын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.