"Бишкек Арена" стадиону расмий түрдө качан ачылары маалым болду
«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы 5-октябрда өтөт, деп маалымдады Президенттин иш башкармалыгы.
Маалым болгондой, ал күнү өтө турган шоу-концертке кирүү акысыз болот. Кошумча маалымат берилери кабарланды.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 31-августта аталган жайда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы, ал эми сентябрь айынын аягында расмий ачылыш аземи өтөрүн кабарлаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

