Бишкектеги автобустагы мушташ: Пенсионер аял өз версиясын айтты

11-августта Бишкекте №2 электробуста жүргүнчүлөр ортосунда мушташ чыкты. Окуя Аламүдүн базарынын аймагында болгон жана анын видеосу социалдык тармактарда тарап, коомдук резонанс жаратты, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Бул факт боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы сотко чейинки текшерүүнү баштады. Милицияга 1963-жылы туулган К.Ф. жана 1992-жылы туулган П.А. жеткирилди.

Кийинчерээк окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Видео тарагандан кийин чатактын 63 жаштагы катышуучусу окуя боюнча өз версиясын айтып берди. Мындан тышкары, электробустун салонуна орнотулган байкоо камераларына жазылган видеолар жарыяланды.

Анын айтымында, ал электробуска түшкөндө ал жерде бир нече пенсионер турган. 34 жаштагы аял отуруп алып телефон карап жаткан. Ошондо ал ага орун бошотпогону боюнча эскертүү берген.

«Мен аны ийнинен акырын түртүп, «кыз, орун бошотуп койчу» дедим. Ал силкилдеп туруп берди. Бир аялдамадан кийин автобустун башка бөлүгүндө орун бошоп, мен ошол жакка барып отурдум. Дагы бир-эки аялдама өткөндөн кийин, жаныма келип алып, телефон менен ургулап атат. Карасам ошол кыз экен. "Неге мага орун бер айтасың?" деп асылып, жулмалап кирди», - деп айтып берди пенсионер аял. Ал коргонуу үчүн кызды да урганын кошумчалады. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз