Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоону жактырды
Жогорку Кеңеш 19-мартта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча Келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал депутаттарга карталарды көрсөтүп, Тажикстан менен алмашылган аймактар тууралуу маалымат берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында:
"Макул" – 85 депутат
"Каршы" – 1 депутат (Султанбай Айжигитов)
Бардыгы болуп 86 депутат катталган.
Ошондой эле парламенттин жыйынында депутаттар төмөнкү келишимдерди жактырды:
Суу чарба жана энергетикалык инфраструктура боюнча келишим;
Жол-транспорт инфраструктурасы боюнча келишим.
Буга чейин, 13-мартта, Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Келишимге кол коюшкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.