Бишкекте 6 миң 700 көрүүчүнү батыра алган футбол комплекси курулууда
Бишкекте Куланов жана Сүхэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде футбол комплексинин курулушу уланууда.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, комплекстин негизги стадиону 6 миң 700 көрүүчүгө ылайыкталып, FIFA′нын III категориясынын талаптарына жооп берет.
Мындан тышкары, комплекстин аймагында тогуз машыгуу талаасын жана 500 автоунаага ылайыкталган токтотмо куруу пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

