Ош шаарындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Министр Орунтаев Ошко болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Жолон Мамытов атындагы көчөдөгү мектептин курулуш иштерин да баш багытп, мектептеги отургучтардын сапаты боюнча айтты.
“Бул отургуч абдан ыңгайлуу. Сапаты мыкты. Кытайдан буюртма кылып алдырганбыз. Сапаты “долго, вечный”. Бизден алсак ушундай эле баада болот, бирок баасы бирдей эле”, - деди ал.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан Ош шаарындагы Мамытов көчөсүндө 275 орундуу жаңы мектеп курулду.
Объекттин курулушу 2025-жылдын июль айында башталып, каржылоо Турукташтыруу фонду тарабынан жүргүзүлдү.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен курулуп, анда лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери дээрлик аяктап, объектти жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берүү пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

