Ош: Ак-Буура-2 конушунда жаңы мектеп курулууда

Ош шаарындагы Ак-Буура 2 конушундагы мектептин курулш иштери менен таанышкан Орунтаев  актылык залы кенен курулуп жатканын, сейсмикалык туруктуулугу 9 баллга чыдамдуу экенин билдирди. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулууда. Алардын бири — Ак-Буура-2 конушунда салынып жаткан 800 орундуу жаңы мектеп.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 8 339 чарчы метрди түзүп, төрт блоктон турат. Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттар каралууда. 

Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүп, үч кабаттуу имарат тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын сыртын жылуулоо иштери аткарылууда.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2 миңге жакын окуучу билим ала алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз