Оштогу 10 мектептин курулушуна казынадан 7 млрд сом бөлүндү, - Орунтаев

Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна 7 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ломоносов мектебинин курулуш иштери менен таанышуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, жалпы 10 мектептин курулушуна 7 млрд акча бөлүнгөн болсо, Ломоносов мектебинин сметалык баасы 800 млн сомду түзөт. 

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарында курулуп жаткан 10 мектептин бири — Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жүз жылдык тарыхы бар М.В. Ломоносов атындагы мектеп.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы планга ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген 1000 орунга ылайыкталып, төрт кабаттуу болуп курулууда. Имараттын жалпы аянты 10 896 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш иштери комплекстүү жүргүзүлүп, имараттын негизги каркасы тургузулган. Үч кабаттына терезелер орнотулуп, ички жасалгалоо иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, М.В. Ломоносов атындагы мектептин эски имаратынын курулганына быйыл 100 жыл болгон. Авариялык абалга келгендиктен, имарат пайдаланууга жараксыз деп табылып, буздурулган. Анын ордуна окуучулар үчүн бардык заманбап шарттары каралган жаңы мектеп курулууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз